Жакында  Сооронбай Жээнбековдун дубалга илинген сүрөтү менен мэриянын кызматкерлери, бирин-бири  башка ургулашып жатканы тартылган тасма интернетке тараган. Алар жазага тартылып, жумуштан айдалары айтылган. Бул жагымсыз окуядан көп өтпөй Жээнбековдун сүрөтү бар чоӊ баннер курулуш иштерине колдонулуп, жерде тепселип жатканы  боюнча да тасма соц сеттерге жана бир катар сайттарга жарыяланды. Президенттин сүрөтү бар ал  баннер   Т. Океев атындагы  “Кыргызфильм” киностудиясынын коридоруна ремонт иштери жүрүп жатканда салынган. Албетте, бул көрүнүш аны урматтабагандыктын белгиси эмеспи. Бул маселе боюнча ким жооп берет? Министр Азамат Жамангулов, Кино департаментинин “түшпөс ханы”  Мукталы Бектаналиев эмне үчүн бул маселени көзөмөлгө алышпайт? Же булардын президентти урганы жокпу?!.

Булак: Багыт