Бишкектин Биринчи Май райондук соту транспорт жана жолдор министринин мурдагы орун басары Азимкан Жусубалиевди 14 жылга эркинен ажыратты. Ал эми пара алууга ортомчулук кылган деп айыпталып жаткан Болот Токтобаев алты жылга эркинен ажыратылып, Бехруз Гулрузовго 2 миллион сом айып салынды. Гулрузов сот залынан бошотулду. Жусубалиевдин жактоочусу Жыргалбек Бабаев райондук соттун чечимине каршы жогорку инстанцияга кайрыларын билдирди.

Жусубалиев кызматта турганда жолдорду куруу боюнча өлкөдө 13 ири долбоор ишке ашып жатканын, бирөөндө да эч кандай кызыкчылыктарга жол берилбегенин айтып, соттон аны актоону өтүнгөн. Соттук ишти Биринчи май райондук сотунун судьясы Марат Сыдыков карады.

Тергөө бул иш боюнча үч кишини — Азимкан Жусубалиевди, Бехруз Гулрузовду (Италиянын «Todini» компаниясынын Алматы шаарындагы филалынын коммерциялык директору) жана Болотбек Токтобаевди (ортомчу) айыптоодо.

УКМК Азимкан Жусубалиев өлкө аймагындагы курулуп жаткан жол боюнча тендерге катышкан чет элдик компаниянын өкүлдөрүнөн пара катары 120 миң доллар алган деп айыптаган. Ал былтыр декабрда 50 миң доллар пара алды деп кармалган. Чет элдик компаниянын кызыкчылыгын коргоо ишин жалпысынан 520 миң долларга баалашкан. Бул иш боюнча ошол кездеги министр Калилов эч кандай жоопко тартылган жок.