Жалал-Абадда төрт балалуу келиндин өлүмүнө күйөөсү шектелип жатканын областык милициядан кабарлашты. Окуя Сузактын Лавдан-Кара 25-июлда болгон. Маалыматта: 30 жаштагы келинди күйөөсү кызганычтан улам токмоктоп, бычактаган. 31 жаштагы шектүүгө карата иш козголуп, эки айга камакка алынды.