Маалым болгондой буга чейин Нарындагы Солтон-Сарыда козу койлор кырылып, өлгөн малдардын саны 100дөн ашканын кабарлашкан. Ал жайлоодо кытайлар бир нече жылдан бери алтын кенин казып жатышат. Өлгөн мал ошол кен иштеткендердин химиялык заттарынан улам өлүп жатканы айтылган. Бирок расмий бийлик аны жокко чыгаруу аракетин көргөн менен, малдын кырылганы али күнгө чейин токтой элек. Жергиликтүү эл бул ирет бодо малдын кырылып жатканын тасмага тартып интерентке жарыялашты.