Маалым болгондой мындан эки күн мурун Бишкекте «Шыдыр жол компаниясы» Көлмө жаӊы конушунда (Көлмөдөн 12 -кичи районго чейин каттайт) №5 каттамды ачып, Кытайдан жаӊы алып келишкен 33 орундук (бул автобустун ичине тура турган орундарды кошкондо 80 адамга чейин батат) 16 автобусту ишке беришкен.

Көлмө конушунда №5 каттамдагы автобустарды ишке берүү иш-чарасы…

Бирок бир күндөн соӊ Бишкек мэриясы аталган компания менен мындан 8 ай мурун түзгөн келишимин автобустар жаӊы ишке киргенден кийин теӊирден тескери кетип, жокко чыгарып, №5 каттамдагы автобустарын Бишкек ичинде жүргүзүүгө тыюу салуу боюнча Бишкек Жол коопсуздугун көзөмөлдөө башкы башкармалыгынан суранышкан.

«Шыдыр жол» компаниясынын юристи Марат Сейдалиев мэриянын мыйзамсыз иш-аракеттерин айтып берди

Мэриянын мындай түшүнүксүз чечимине каршы болгон Көлмө элинин ондогон тургундары чогулуп, кечээ күнү Бишкек транспорт башкармалыгынын алдына митингге чыгышкан. Ал жерде карапайым эл күндүн ысыгына карабай башкармалыктын жетекчилерине нааразычылыгын билдирип, кечке жүрүшкөн.

Бишкек транспорт башкармалыгындагы талаш-тартыштан бир үзүм…

Кечинде Бишкек мэриясына келип, маселени талапка ылайык чечип берүүнү талап кылышкан. Ошентип, Бишкектин Суракматов баштаган билермандары Көлмө элинин жана «Шыдыр жол» компаниясынын жетекчилиги менен сүйлөшкөн соӊ, бүгүн № 5-каттамды ишке берүүгө аргасыз болушту. Албетте, ортодо кызыкчылык бар экени жашыруун эмес. Себеп дегенде Бишкек мэриясы шаар ичиндеги «эӊ майлуу» деген каттамдарды эл ташып ишкерлик кылышкан фирмаларга жеӊ ичинен соодалап келет деген кеп көптөн бери айтылып келет. Ал эми мэрияга караштуу Бишкек
Жүргүнчүлөрдү ташуу боюнча автотранспорт ишканасынын  жетекчиси Нурлан Койчубаков (Бакиевдин заманында «Ак жолдон» депутат болуп Каркыраны казактарга карматкандардын бири ) болсо № 5 -каттамга «Шыдыр жол» компаниясынын эмес, мэриянын автобустарын салуу ниетин ачык эле билдерген. Бирок Койчубаков да, эл да учурда мэрияда мындай жаӊы автобустар жок экенин жакшы билишет. Анткени мэрия жакында Кытайдан кымбат баада (ар бири 72 миӊ доллар)сатып келген 60 автобусту Бишкектеги негизги каттамдарга бөлүштүрүп, ишке берген. Кыскасы, бул маселеде мэрия ич күйдүлүк кылып, же башкача айтканда жеке кызыкчылык маселеси ашкер ойноп жатканы байкалат. Жакын бул жагы деле ачыкталып калышы ажеп эмес…