Кыргызстандан оор кылмыш иштери менен 10 жылга эркинен ажыратылган Орусия жараны Адина Турдубаева 6000 билеттин акчасын алдап кетти. Бул туурасында орус башкалаасы Москва шаарындагы «Крокус Сити» борборунда кыргыздар уюштурган концертке билеттерге жооптулар Элнура Кармышакова, Самида Алмазбековалар билдиришти. Алардын айтуусунда, 20-июнь күнү Москва шаарына кыргыз эстрада жылдыздарынын катышуусунда концерт өтүп, сатыкка 6000 дей билет 2000 рублдан сатыкка чыккан. Адина Турдубаева билет сатуу туурасындагы тажрыйбаларын айтып, билеттерди сатып берем деп макулдук менен сата баштаган. Ошол маалда убакыт создугуп, имараттын акысына жетпей жатат деген шылтоо менен концертти дагы бир айга жылдырат да ошол бойдон жок болуп кеткен. Натыйжада Москва шаарынан билеттерди сатып алган кыргыз мигранттарынын акчасын бере албай же Адина Турдубаеваны таба албай кол куушуруп отуруп калдык. Орус полицясына арыз менен кайрылышкан, азырынча эч кандай маалымат боло элек.

Ошол эле маалда, жабырлануучу тарап Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги жана Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын 10 жылга эркинен ажыратылган Турдубаеванын эркиндикке чыгып кеткени боюнча маалымат беришин жана анын үстүнөн кылмыш ишин козгоп, мыйзам түрүндө жазага тартылуусун талап кылышууда. Белгилей кетсек, Москва шаарындагы «Крокус Сити» борборунун иш-чара өткөрүү акысы 1,5 млн рубл түзөт. Ага 6 миӊ киши батат. Ар бир билетин 2 миӊ рублдан сатканда 12 млн рубль болот экен.

https://www.youtube.com/watch?v=GGkmxdce55I

https://www.youtube.com/watch?v=GGkmxdce55I
https://www.yout