Элчибек мырза, азыр чөп чабык маалы эмеспи. Быйыл чөп кандай чыкты, дегеле, талаачылык, суу маселесине токтолсоӊуз?

—Негизи Түп району агрардык потенциалы жогору райондордун катарында. 52 миң гектар айдоо аянтты ээлейт. Тилекке каршы, бир катар жерлер совет мезгилинде суу барган менен, кийин каналдар иштен чыгып калганына байланыштуу кайрак жердин аянты көбөйүп кеткен.

Бирок, быйыл Өнүктүрүү фондунун эсебинен чоң долбоор ишке кирди. Михайловка айылына суу келбей, ал тургай айыл ичиндеги бакчалар сугарылбай калган эле.10 миллион 500 миң сомдук долбоордун аркасында 500 гектардан ашык жерге суу келгени турат. Ошону менен бирге эле, айыл ичиндеги бакчалардын баары сугарылгыдай шарт түзүлөт.

Жалпысынан айтсак, жылдан жылга көп жылдык чөп көбөйүп баратканы байкалат. Ошол эле учурда картошканын аянты азайып калды. Маселен, былтыр 4,5 гектар болсо, быйыл 500 гектар жерге азайды. Бул картошканын баасына байланыштуу болууда. Ал эми, чөптү кышка жеткидей камдап алдык. Быйыл күн жаанчыл болгонуна байланыштуу чөптүн чыгышы абдан жакшы болду.

Кылкандуу дан эгиндери түшүмдүү болчудайбы?

—Быйыл жалпысынан 31546 гектар жерге дан эгиндери айдалды. Бул былтыркыга салыштырганда 737 гектарга көп. Районубузда жылдан жылга буудайга караганда арпа көбөйгөнүн айта кетишибиз керек. Себеби, ишкерлерибиз малды бордоп багууну колго алууда. Азыр фермерлер малды байлап сатуу пайдалуу болорун түшүнүштү. Тоют базасын жакшыртуу максатында биз сегиз айыл өкмөттө айыл чарба министрлиги аркылуу фонддорду ачып бергенбиз. Аларга арпанын жакшы үрөнү, жер семирткичтер алып келинип берилген. Россия федерациясынын окумуштуулары ойлоп тапкан органикалык жер семирткичтин беш түрү бар экен. Ошол боюнча семинар өткөрүп, 10 гектарга күздүк себилген. Быйыл ошол жер семирткич себилген жерди практикалык түрдө көрсөтүп, дыйкандарды окутуудабыз. Бул бир чети жайыттарга зыян келтирип албоонун аракети. Мурда малдын башы аз эле. Азыр мал көп. Андыктан, малды короодон багуу саясатын жүргүзүп жатабыз.

Андан сырткары, быйыл районубузга башка дагы өсүмдүктөрдү айдап көрөлү деп, Айыл чарба министрлигинин көрсөтмөсү менен 26 гектар жерге чечевица септик. Буурчак айдалды.

Малды алыскы жайыттарга чыгаруу маселеси кандай болуп жатат?

—Бул өтө актуалдуу маселе. Малчыларыбыз кымыз, сүт сатам деп жолдун боюна отурукташып алышууда. Биз болсо кечүүлөрдү, көпүрөлөрдү, жолдорду оңдоп, алыскы жана ортоңку жайыттарга көчүрүү аракетин көрүп жатабыз. Быйылкы жылда жайыт комитеттери долбоор жазып, АРИС аркылуу 3 миллион сомго алыскы жайыттагы көпүрө, жолдорду оңдодук. Андан сырткары, өзүбүздүн мүмкүнчүлүк менен 80 миң сом бөлүп берип, жолчулардын жардамы аркылуу Чымынды-Сайдагы көпүрөнү калыбына келтирдик. Мына ушундай шарттар түзүлсө, биздин малчылар дагы алыскы жайыттарды пайдаланат деп ойлойм.

Мал багуу -түйшүктүү иш, чоң жоопкерчилик. Андыктан, малчыларга көңүл бурууга убакыт келди деп ойлойм. Ошондуктан, Каркырада ар кандай иш-чараларды өткөрүп, анын аркасы менен жолдорду, көпүрөлөрдү оңдоону милдет кылып алганбыз. Быйыл «Чыгыш электр» ишканасы миллион сомго жакын каражатты сарптап, Каркырадагы чубалгыларды, тирөөчтөрдү жаңыртып беришти.

Түп–Кеген жолунун курулушу көпкө созулду. Качан бүтчүдөй?

—Бул маселе Түп районундагы эң башкы көйгөй. Бул боюнча бир катар жумушарды алып бардык. Быйылкы жыл жемиштүү болду десек болот. Себеп дегенде, Дүйнөлүк банк биздин туристтик потенциалды көрүп, районду пилоттук район катары кабыл алып, инфраструктураны жакшыртуу жагын карашууда. Өнүгүү стратегиябызды жасап жатат. Ошол эле учурда финансылык колдоо катарында Түп-Кеген жолуна 55 миллион доллар бөлүнүүдө. Бул маселе Жогорку Кеңештин пленардык комитеттеринде жактырылды. Эми депутаттар каникулдан иш ордуларына барганда, ратификациялап беришсе, 2020-жылдардан кийин Түп-Кеген жолу 79-чакырымга чейин, башкача айтканда, кыргыз-казак өтмөгүнө чейин бүтөт. Андан сырткары, Кегенден чыккан жол Чаркудукка чейин, башкача айтканда 15 километр жол кошо бүтөт.

2000 жыл мурда ыйык апостол Матфейдин издери Ак-Булак айылында жоголгон, сөөгү ошол өрөөндө коюлса керек деген божомолдор бар. Ушул божомолго карап жол ошол жакка чейин жасалчудай болуп калды.

Дүйнөлүк банк тарабынан ушул долбоордун негизинде информациялык борборлорду да салынышы күтүлүүдө. Буга жер бөлүп бердик.  Эмне дегенде, турист маалымат алып, курсагын тойгузуп, дем алып алгыдай жайлар болушу кажет. Андан сырткары, Өкмөттө кыргыз-казак өтмөгүн жакшыртуу максатында аны 6 ай эмес, 8 ай күнү-түнү иштегидей кылып сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Себеби, дыйкандарыбыз түшүмүн сатып, коңшу туугандар менен карым-катнашты түзүшү керек.

Ошол жерде кыргыз-казак эли соода-сатык жасагыдай базар болот деген да пландар бар беле?

—Ооба, ал пландар аркылуу 180 гектар категориядан категорияга которулган экен. Мында логистика салуу иш- мерчемдери болгон. Бул деле бүгүнкү күндө актуалдуулугун жогото элек. Чынында эле, кыргыз-казак өтмөгү оңолуп, тараза коюлса, баңгизаттарды мыйзамсыз ташуу деген маселелер да чечилип, дыйкандарга да жакшы болор эле.

Туристтик потенциал жөнүндө айттыңыз, ошол боюнча кененирээк токтоло кетсеңиз?

—Түп агрардык район болгон менен, туризмден да четте калган жок. Себеби, учурда кымыз менен дарылангандар өтө көп. Азыр Чаркудук деген участкада 32 арендатор бар. Ошонун бирөөсүн эле айталы. «Ак-Сай Тravel». Булар туристтерди деңиз деңгээлинен 7000 метр бийиктикте жайгашкан Хан Теңир чокусуна вертолёт менен алып чыгышат. Мындай кызмат Кыргызстан боюнча жалгыз гана ушул лагерде жасалат. Башкасы да андан калышпай, туристтерди кабыл алуу шарттарын түзүп, кымыз менен дарылап, ат, вело, жөө жүрүү туризмин уюштуруу аракеттерин көрүшүүдө.

Биздин райондун туристтик потенциалы өтө жогору деп эсептейбиз. Себеби, бизде тарыхый жайлар көп. Ошол эле Сан-Таш комплексинин эскиз вариантын иштеп чыгып, жандандыралы деп жатабыз. Дүйнөлүк банктын долбооруна ага чейинки жолду жасоо, жарыктандыруу, олтургучтарды коюу киргизилди. Андан сырткары, көл алдында Чигу деген шаар бар. Сактардын коргону дагы тарыхый мааниси зор эстелик.

 Буга чейин арабдардын каржысы менен курулуп жаткан «бүркүт борбору» келечекте куштардын эл аралык таймашы өтө турчу жайга айланганы турат. Азыр анда 180дей куш бар. Түптүн жаратылыш шарты куш багууга өтө ыңгайлуу экен, быйыл алар жумуртка баса баштады. Андыктан, биз туризм боюнча үч тилде жол карта иштеп чыгуудабыз. Аны биздин территорияга бир кирген турист 6 чекитке сөзсүз кайрылып кеткидей кылып жасайлы деген максаттар бар.

Каркырада балдар мончодо окуп жатышат деген маалымат чыкты эле…

-Түп району жаратылыш шарты катаал район болгондуктан, социалдык көйгөйлөр көп. Быйыл президетибиздин келиши менен көйгөйлөр четинен чечиле баштады десек болот. Ошол эле учурда маданият министрлигинин өкүлдөрү да келип кетишти. Сан-Таш айыл өкмөтүнө карашту Каркыра мектебине Жогорку Кеңештин вице-спикери барып, аны чечүүнү көзөмөлгө алам деди, аракет жемишин берет деген ойдомун. Ал жерде 14 окуучу билим алган менен, жайкы мезгилде малчынын баары ошол жакта болот. Ал жерде таза суу көйгөйү да бар.   Биз ал жерге 100 орундуу мектепке ылайык долбоорун жасап бүтүп калдык.

Өлкө башчысы Түпкө келгенде, көп жылдардан бери бүтпөй келген спорт комплекстин курулушуна каражат берем деди эле. Каражат бөлүндүбү?

—Ооба, эртеси эле 7 миллион сом түшкөн. 2-3 күндөн кийин 11 миллион сом которулду. Ал жер толугу менен каржыланып бүттү. Быйыл күздө ишке берилет.  Андан тышкары, Түп айылындагы Карымшаков мектеби авариялык абалда эле. Президентибиздин көмөгү менен титулга кирип жатат. Коёнкөзов мектебине, көп жылдан бери көйгөй жараткан Талды-Суудагы клубга 5 миллион сомдон бөлүндү.

Бирок, тилекке каршы, чечилбеген көйгөйлөр да көп. Түп районунда таза суу көйгөйү биринчи орунда турат. Убагында «Таза суу» долбооруна кирбей калган. Башка жерлерде суу түтүктөр эскиргени көйгөй болсо, азыр биздин беш айылда суу түтүгү да жок экени өкүндүрөт. Былтыр эки айыл долбоорго кирген. Бул өтө чоң долбоорлор, 72 миллион сомго чейин барат. Каржы министрлигинен келчү каражатты күтүп жатабыз.  

Түп кара куурайдын мекени деп айтылат эмеспи, аны жок кылуу боюнча кандай иштер жүрүп жатат?

—Түп менен кара куурайды байланыштыруу стереотиптен чыкчу мезгил келди деп ойлойм. Жер кунардуу болуп, мал киндиктүү келгендиктен, кара куурай жакшы өсөрү чын, бирок, азыр эл анын келечек муунга зыян экенин түшүнүп, жоготууга салым кошууда. Биз дагы Өкмөттүн токтомуна ылайык токтом чыгарып, механикалык, химиялык жол менен жок кылуу иш мерчемин кабыл алганбыз. Учурда активдүү иш жүрүп жатат.

                                         Жумагүл БАРКТАБАСОВА