Президент Сооронбай Жээнбеков Жалал-Абад, Ош, Талас облустук сотторуна жана Бишкек шаардык сотуна судьяларды дайындаган жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президентин сайты жазды.

Судьяларды тандоо кеңеши Жогорку сотко бир, Жалал-Абад облустук сотуна — бир, Ош облустук сотуна — үч, Нарын облустук сотуна — эки, Талас облустук сотуна — беш жана Бишкек шаардык сотуна — эки талапкерди судьялык кызмат ордуна дайындоо боюнча сунуш киргизген.

Биринчи Жарлык менен Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык мөөнөткө Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьялары болуп 7 талапкер дайындалды.

Экинчи Жарлык менен дайындалган судьялар судьянын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн:

— Жалал-Абад облустук сотуна — Жоробеков Токтосун Сайзилдаевич;

— Ош облустук сотуна — Масабирова Тарифа Жаанбаевна, Пирматов Каныбек Алимканович;

— Талас облустук сотуна —  Алдашов Азамат Зарылбекович, Иманалиева Айнура Касымбековна, Курманбаев Жекшеналы Анарбекович;

– Бишкек шаардык сотуна – Маматалиева Айнура Сайбидиновна.

Жарлыктар кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.