—Акыркы мезгилде Кыргызстанда эне тилибиз келегей тилге айланды. Бай тил деп өзүбүз сүйлөсөк укмуш мактайбыз. Бирок мындай иш жүзүнө келгенде акыркы убакта жаштардын көбү сөздөрдү бузуп сүйлөп жатат. Мурунку нукура сөздөрдү көп түшүнбөй жатат. Эми жазуу жагынан келгенде министрликтен баштап катадан такыр арыла албай жатабыз . Бул жагынан сиздердин комиссия эмне иш аткарып жатат? 

—Сиз өзүӊүз абдан туура белгилеп жатасыз. Бул кайсы коом болбосун, кайсы кылым болбосун адам баласын коштоп жүргөн эки чоӊ маданият бар. Ошол элдин оозеки сүйлөө маданияты, анан жазуу маданияты. Бизде оозеки маданиятыбыз Кеӊеш дооруна чейин аябай гүлдөгөн. Бул биздин зор байлыгыбыз. Ал эми жазуу маданиятына келгенде көйгөйлөр абдан көп. Биринчи Кеӊеш доору келгенден кийин бизде иш-кагаздын баары расмий тилде жүргүзүлдү. Муну өзүӊөр жакшы билесиӊер. Бизде иш кагаздарды жүргүзүүнүн тартипке салынган, иретке түшкөн кынтыксыз стандарттары иштелип чыккан эмес. Мына азыр да жанагы иш кагаздары борбордук аппараттарда орусча кетип жатканынын күнөөсү ошондо. Анткени  компьютер ача коёт, даяр үлгү бар орусча. Фамилиясын, цифрасын өзгөртүп  уруп жиберишет. Ошондой үлгүлөрдүн баарын ар бир министрлик өзүнө ылайыктап иштеп чыгып, тактап койсо, өздөрү үчүн абдан кыйла жеӊил болмок. Эртеӊ кибернетика өнөр жайы ишке киргизилет. Санариптештирүү күн тартибине киргизилди. Бул боюнча азыр республика боюнча чоӊ-чоӊ иштер аткарылып жатат. Ошол санариптештирүүнүн эӊ башкы тили — англис тили. Бул санариптештирүүнүн түшүнүктөрүн, категорияларын, терминдерин дүйнөлүк тилдердин бири болгон орус тили да сиӊире албай жатат. Айласы кетип англис тилинде кандай болсо, ошондой кабыл алып жатат. Ал эми биздин тилдин бул мезгилдеги тагдыры өтө оор.

—Ошол кабыл алуудан мурун өзүбүздүн ата-бабабыз миӊ жылдан бери сүйлөп келаткан элементардуу сөздөрдү туура жазбайлыбы?!.

—Ошону мен силерге мисал келтирейин. Өткөндө эле май айында жалпы республика боюнча жалпы жат жазуу өнөктүгүн өткөрдүк. Буга республика боюнча 41783 адам катышты. Маселен, Бишкек шаарынан 1100 киши катышты. Ошонун ичинен  5,7%ы  5ке жетсе,  20,9%ы  4кө татыктуу болуп,   28, 55%ы   3кө илинип,  42%ы  2 алышты.
Бишкек гуманитардык университетинде атайын чоӊ зал даярдасак  журналисттер келбей коюшту. Андан кийин “Журналист сабаттуулук үлгүсү” деген аталышта конференция өткөрдүк. Биз ушинтип анализ кылып жатабыз. Эми күнөө каякта? Күнөө билим берүү системасында. Эгер биз балага мектептен мыкты билим берип, сабаттуу кылып чыгара албасак, демек бул билим берүү системасынын каталыгы. Сабаттуулук үчүн адам өзү күрөшүшү керек. Ички маданияттын зор булагы-бул сабаттуулук. Ошондуктан биз бүгүнкү күндө билим берүү системасынын эӊ башкы булагы болгон мугалимдин макамынан тышкары  айлык маянасын көтөрүшүбүз керек. Мектеп, ата-эне, коомчулук-ушул үч   бирдиктүү система иштеши керек.

—Катага кошумча, жанагы билим берүү министрлиги басмаканага, басмакана министрликке шылтап жатпайбы. Аттестаттагы каталар боюнча. Силердин ушул маселеге реакцияӊар кандай болду?

—Албетте, терс болду. Себеби мына мурун китеп, гезит чыгаруу боюнча белгилүү стандарт бар болчу. Азыр ошол стандарт жоюлду. Себеби баарыбыздын эсибизде болуш керек. Эгерде басма сөздө, ошол эле илгерики  “Советтик Кыргызстанда” ката кетсинчи, кандай окуя болмок? Бул чоӊ саясий маселе болмок. Кээде тендер жарыялап китеп чыгарабыз да. Ошондо биз биринчи эмнени талап кылабыз? Биринчи ошол басмакананын корректору болсун дейбиз. Ошол корректордун канчалык деӊгээлде тажрыйбасы бар экендигин билү үчүн эмгек китепчесин көрсөтүүнү талап кылабыз.Экинчи редактор болуш керек. Ушул басма ишинин табиятына мүнөздүү болгон кесипкөйлүк тизим бардык басмаканаларда жок болуп жатпайбы.  Ошонун кесепетинен жанагыдай каталардын баары кетип жатат.  Баягы мурунку иштеп турган система иштебей калды.  Гезиттерди окусак каталар көп кездешип жатат. Андыктан сиздер абдан туура маселе көтөрүп жатасыздар. Биз муну менен дайыма тыгыз иштейбиз. Көчөдө илинген көрнөк-жарнактар боюнча мэрияга кат жөнөтөбүз. Бирок жыйынтык биз ойлогондой болбой жатат. Бул абдан өкүнүчтүү.

—Сиз бул маселеде басмакананын ишинен тышкары редактор, корректорго басым жасадыӊыз. Туура, алардын да түздөн-түз милдети бар. Бирок жетекчилик тарабын көп айткан жоксуз да…

—Билим берүү министрлигинде атайын орто мектептер боюнча башкармалык бар. Анын жетекчилери ушуларды карашы керек эле. Ансыз иш жүрбөйт эмеспи. Бардык жерде төмөндөн жогору карай, жогортон төмөн карай жоопкерчиликтин бирдиктүү система иштеп турушу керек да. Антпесе мындай каталар кете берет…  

                                                             Суроо салган, Айбек ШАМШЫКЕЕВ