Атайын Орусиядан Баткендеги чек ара чырынан кабар алганы барган мигранттарга, Орусияга кез-кези менен барып, кооз сүйлөп мигранттардан колдоо тапкысы келген Мадумаровго, жергиликтүү эл нааразылык билгизди. Жалпы коомчулукка маалым болгондой, Бакиев заманында Адахам Мадумаров: Мамлекеттик катчы, Жогорку Кеӊештин спикери, вице-премьер министр, Коопсуздук кеӊешинин катчысы болуп, мансабына манчыракап турганда Баткендин Көк-Таш айылындагы кыргыздарга тиешелүү 275 метр жерди тажиктерге берип, кайра тажик тараптан Кыргызстанга 49 жылга ижарага алган. Көк-Таш айылындагы чек ара чыры мына ошол Мадумаровдун кыргыз мамлекетине болгон чыккынчылыгынан улам тутанып, ушу кезге чейин тынчыбай келет. Мадумаров болсо акылдуусунуп, өзүн периште сезип, уялбай эл аралап жүрөт. Бирок Баткенде чек ара чыры ушинтип кез-кези менен козголуп, эки эл ортосунда атышуу, таш менен чабышуу болуп, ондогон адамдар жарадар алып, айрымдар ата-бабадан бери көздүн майындай сакталып, мурас болуп келаткан жердин бир чарчы метри үчүн окко учуп жаткан кезде, баягы бапылдап, адатта чечен болуп эч кимге сөз бербечү Мадумаров тоодакчасынан башын кумга тыгып, дайынын билгизбей, жок болуп кетет. Бул ирет дагы мына ошондой «оорусун» карматты. Чын эле Мадумаров коӊшуларга жер берип көнүп калган эрглубу деген суроо туулбай койбойт. Эмнегедегенде Жогорку Кеӊеште спикер болуп турганда кезинде да айтылуу Каркыраны казактарга карматкан ана башчы «Ак жолчулардын» атаманы эмес беле. Мындай адамдарды кантип мекенчил, элге жакшылык кылат деп айтууга ооз барат. Чынында бул иштер чыкынчылык иштин эӊ туу чокусу болуп эсептелет да…

Мадумаровго караганда, Орусияда үй-бүлөсүн багабыз деп иштеп жүрүшкөн мигранттарыбыз алда канча патриот экен. Алар өздөрүнүн мекенге болгон сүйүүсүн Мадумаровго окшоп, кур сөз, чеги жок амбиция менен эмес, минтип иш жүзүндө көрсөтүшүп, чек арада ызы-чуусунан жабыркаган элге барышып, дем беришип, кубат берип жүрүшөт. Баса белгилей кетчү жагдай кур кол эле бара беришпей чекара чырынан жабыр тарткан элге гуманитардык жардам дагы көрсөтүштү.

Орусиядан келген мигранттардын бири Азамат Советник жергиликтүү тургундар менен баарлашкан. Чек ара көйгөйү көӊүлдөрүнө көк таштай тийген элдин муӊун, Мадумаровго болгон нааразычылык наалатын төмөндөгү тасмалардан көрүӊүз: