Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматы Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынын улук сот аткаруучусун пара менен кармады. Ал эки күн мурун колго түшкөн.

Ага каршы «М.С» аттуу жаран кайрылып, сот аткаруучу соттун чечими менен камактан чыгарылган кыймылсыз мүлктүн 10 пайыз үлүшүн (18 600 сом) талап кылганын, андан тышкары дагы 10 миң сом мыйзамсыз сураганын айтып, арызданган.

Пара менен кармалган улук сот аткаруучу Бишкек милициясынын убактылуу кармоо жайына киргизилди.