Бүгүн Бишкектин Көлмө (Баят базары тарап) конушунун эли үчүн абдан жакшы самаалык иш болду. Анткени бул күнү эки жылдан бери Бишкек элин коомдук транспорт унаасы менен камсыздоо аракетин көрүп келаткан “Шыдыр жол” компаниясы аталган (Көлмөдөн 12чи кичи районго чейин жүрөт) №5 каттамды ачып, ага 33 орундук 16 жаӊы автобусту ишке беришти. Бул автобустардын баасы 75 миӊ доллар экен. Жүргүнчүлөргө абдан ыӊгайлуу. Маселен: ичинде бул адамды куйкалап жаткан ысыкта сергите турган кондиционер бар. Мындай тышкары, жумшак жүрөт. Себеби,” ходовой”  бөлүгүндө унааны жумшак, мелмилдетип жүргүзө турган “подушкасы” бар. Бул күнү Көлмө конушунун жашоочулары чогулуп, бул конушка коомдук тарнспорт  маселеси боюнча жардам көрсөтүп жаткан “Шыдыр жол” компаниясына жана анын негиздөөчүлөрү Нургазы мырза менен Токтобүбү айымга абдан ыраазычылыгын билдиришип, ак батасын беришти.

Аталган айылдын жашоочуларынын айтымында автобус маселесин чечип берүү өтүнүчү менен эки жылдан бери кат жазып кайрылып келатышкан.

Баса белгилеп айта кетчү жагдай,  “Шыдыр жол” компаниясына бизнес-план түзүү, бул долбоорду ишке ашыруу жагынан өкмөткө караштуу Кепилдик фонуду жана анын төрагасы Малик –Айдар Абакиров кыйла көмөк көрсөткөн.

Ал бул маселе боюнча төмөндөгүлөрдү айтып берди:

Ошентип, кубанычтарына чек жок Көлмө конушунун тургандары үчүн бул күн чыныгы майрам болуп калды. Ал эми “Шыдыр жол” компаниясынын кожоюндары кечээ гана ишке кирген № 5- каттамдагы автобустарды ал күнү кечке чейин жүргүнчүлөр үчүн бекер кылып берди.  

Айта кетчү жагдай, бул автобустар жеке компанияныкы болгону менен жол кире акысы мэриянын автобустардыкындай эле, 8 сом. Пенсия жашындагыларга жана майыптарга атайы жеӊилдиктер каралган. Баса, Көлмөдөгү бул мыкты самаалыкка Бишкек мэри Суракматов, анын орун басарлары жана Бишкек шаардык кеӊешинин депутаттарынын бири да басып келген жок? Эмне үчүн, ич күйдүлүк болдубу? Жок дегенде ошол Көлөмө тараптан шайланган депутаттар келип, элдин кубанчын теӊ бөлүшкөнгө жараса болбойт беле.

Бишкек мэриясынын ич күйдүлүгү, же Теӊирден тескери иш…

Чынында  бул жаӊы автобустар Бишкекке алынып келгенине 15 күндөн ашыптыр. Алынып келери менен мэрия менен түзүлгөн келишим боюнча дароо №5 – каттамга салып, ишке киргизгени турган. Бирок ал күндөрү  мэр Суракматов түрк бизнесмени чыгарган баасы кымабат түрк автобусун сатып алуу маселеси менен Түркияда жүргөн. Ал иш сапардан келгенде жаӊы автобустарды №5-каттамга өзү кое бере турганын билдирип, токтотуп койгон. Андан бери жарым айдан ашса да, Суракматов №5 каттамдын ачылышын иш-чарасына өзү катшып ачмак  тургай, тескерисинче бут тоскусу келгени байкалды. Суракматовдун  жан досу, мэрияга караштуу  Жүргүнчүлөрдү ташуу боюнча автотранспорт ишканасынын  жетекчиси Нурлан Койчубаков (Бакиевдин тушунда “Ак жолдо” депутат болуп Каркыраны казактарга карматкандардын бири) болсо так секирип, №5 каттамды “Шыдыр жол” компаниясына бербей турганын билдирип, эгер ишке берилсе  соттошо турганын айткан. Бул кайдан чыккан жетекчи дебейсизби? Деги өзүн билген немеби, же ишти теӊирден тескери жасаганды жакшы көрөбү? Эмнеге дегенде, Бишкек мэриясы №5 каттамды “Шыдыр жол” компаниясына 2018-жылдын 6-декабрында эле атайы келишим менен бергенин аталган компаниянын юристи Марат мырза билдирди. Марат мырзанын айтмына караганда мэрия менен келишим 8 ай мурун эле түзүлгөн экен.

Бирок мэрия ал келишимди убагында аткарбай 8 ай бою бербей келишти. 8 ай аралыгында “Шыдыр жол” компаниясынын Кытайдан насыяга алып келаткан 18 автобусу Кыргызстанга чек арадан кире албай, кармалып, күн сайын тиешелүү каражат төлөп турду. 8 айдан кийин, мэрия өздөрү түзгөн келишимди жокко чыгаргысы келип,  №5 чи каттамга мэрияга караштуу муниципиалдык автобустарды салабыз деген шылтоо айтышкан. Андай өздөрү түзгөн болсо келишим кайда калат? Же мэрияда иштегендерге өздөрүнүн мыйзамдуу документ, иш-кагаздары даараткана кагазына барабар болуп калабы? Мына кызык… Чынында мэриянын азыркы учурда №5-каттамга салып жибере турган деле автобустары жок. Жакында алып келген болгону 60 автобусту негизги каттамдарына бөлүштүрүп салышты. Андыктан, бул маселени дагы да терендетип иликтесек, бир мандем бар экени аныкталчудай. Балким, Суракматов, Койчубаковдор бул маселеде ич күйдүлүк кылып жатышабы?

Өздөрү Бишкек элин коомдук тарнспорт менен толук камсыздай албаган соӊ минтип жаӊы автобустарды алып келип, элдин батасын алып, мэриянын ишин да жеӊилдетип, бир чоӊ көйгөйдү чечип берип жаткан жеке инвестролорду колдоп, чекелери  жарылганча сүйүнүшсө жарашмак. Деги шаардын атка минерлери шапар тебишип, жеке кызыкчыларды жыйыштырып коюп, элдин көйгөйүн чечкенге жан үрөшсө болбойбу…

Айбек Шамшыкеев