Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун өлкө аймагындагы мүлкүн текшерип бүттү.

2018-жылдын декабрында президенттин жылды жыйынтыктоочу маалымат жыйынында журналисттердин Матраимовдун байлыгы тууралуу көтөргөн маселесинин негизинде Башкы прокуратура 2019-жылы февралда сотко чейинки териштирүүнү баштаган.

Анын жыйынтыгында, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы 24 миллион 275 миң сом салыкты кошумча төлөткөн.

Мекеме тараткан маалыматка караганда, Матраимовдор ээлик кылган «Д.Т», «ТКА», «Т.Т» ачык акционердик коомдору текшерилип, аталган үч ишканадан 18 млн. 33 миң 267 сом салык өндүрүлгөн.

Ал эми Райымбек Матраимовдун жубайы кызматташкан чет өлкөлүк «Е.Е.S.» компаниясы текшерилип, 6 млн. 241 миң 728 сом каражат бирдиктүү депозиттик эсепке түшкөн.

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат учурда келтирилген башка да чыгымдарды кайтаруу аракети көрүлүп жатканын билдирди. Финансы полициясы андан тышкары декларацияда Райымбек Матраимовго жана анын жубайына жазылган мүлктү жарыялады. Ага ылайык, Матраимовдун жубайына Ысык-Көлдөгү коттеж, «Лексус GX 460» үлгүсүндөгү автоунаа катталган. Мекеме Матраимовдун Бишкекте жана Ошто батирлери бар экенин аныктаган.