Бүгүн Бишкектин Көлмө (Баят базары тарап) конушунун эли үчүн абдан жакшы самаалык иш болду. Анткени бул күнү эки жылдан бери Бишкек элин коомдук транспорт унаасы менен камсыздоо аракетин көрүп келаткан “Шыдыр жол” компаниясы №5 каттамды ачып, (Көлмөдөн 12чи кичи районго чейин жүрөт) ага 33 орундук 16 жаӊы автобусту ишке беришти. Бул автобустардын баасы 75 миӊ доллар экен. Жүргүнчүлөргө абдан ыӊгайлуу. Маселен: ичинде бул адамды куйкалап жаткан бул ысыкта сергите турган кондиционер бар. Мындай тышкары, жумшак жүрөт. Себеби,” ходовой”  бөлүгүндө унааны жумшак, мелмилдетип жүргүзө турган “подушкасы” бар. Бул күнү Көлмө конушунун жашоочулары чогулуп, бул конушка коомдук транспорт  маселеси боюнча жардам көрсөтүп жаткан “Шыдыр жол” компаниясына жана анын негиздөөчүлөрү Нургазы мырза менен Токтобүбү айымга абдан ыраазычылыгын билдиришип, ак батасын беришти. Аталган айылдын жашоочуларынын айтымында автобус маселесин чечип берүү өтүнүчү менен мэрияга эки жылдан бери кат жазып кайрылып келатышкан.

Баса белгилеп айта кетчү жагдай бул автобустар деле жол кире акы 8 сом. Пенсиядагылар менен майыптарга атаы жеӊилдиктер каралган. Ал бүгүн болсо жаӊы каттамдын ураматын биринчи күн болгон үчүн бардык жүргүнчүлөр бекер жүрүшөт.