Атамбаев Орусиядан кайтып келди. Ал түшкөн учак бүгүн, Канттагы авиабазага келип конду. Аны авиабазанын алдынан 200-300дөй тарапташтары тосуп алды.

Атамбаев журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып аны Москвага Орусиянын президенти Владимир Путин буга чейин бир нече ирет чакырганын жана ал чакыруудан баш тарта албаганын айттып, буларды кошумчалады:

-Владимир Путин)менин досум, жакын адамым. «Келип кет» деп атайын самолёт жөнөттү. Бул биринчи эле жолкусу эмес. Буга чейин да эки-үч жолу суранды. Такыр эле барбай койсом да уят болмок. Ал киши «Кыргызстан эмне болот, үчүнчү революция болуп кетпейби?» деп кайгырып атат. Мен ал кишиге революцияны дайыма бийлик жасайт, эл айла жок көтөрүлөт дедим. ИИМдин сурагына барбайм.

Атамбаев кечээ күнү Канттагы авиа базадан Москвага учуп кетип, ал жактан Путин менен жоллуккан. Ал учакка кеткен чыгым канча болгонун ачыктаган жок, бирок чыгым чакырган тараптан төлөнгөнүн билдирди. Мындай SuperJetтин атайы каттамы 100 миӊ еврону чапчый турганын ЖМКларда жазылууда. Атамбаев азырынча Кой-Таштагы Элдик штаб тарабай турганын айтты.