Филилогия илимдеринин доктору, Бишкек гуманитардык университетинин ректору Абдылда Мусаев  ишмердүүлүк, жетекчилик  жагынан өзүнүн ректор кесиптештерин артка калтырып, жеткизбей келет. Мусаев өзү жетектеген окуу жайды ар тараптан гүлдөтүп жатканы ачыктан -ачык байкалууда. Аз күн мурун бул окуу жайда дагы бир тарыхта кала турган иш болду. Атап айтканда, Билим берүү жана илим министрлиги өкмөттүн атынан Бишкек гуманитардык университетин Кусеин Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университети деп өзгөртүү тууралуу чечим кабыл алды. Белгилей кетсек,  2019-жылы БГУда бир катар иш-чаралар өткөрүлгөн: Россия менен Кыргызстан ректорлорунун форуму, Кытай менен биргеликте эл аралык билим берүү форуму өтүп, заманбап Кытай китепканасы ачылды.
Аталган жогорку окуу жайы  Кытайдын 3-4  окуу жайынан тышкары дүйнөнүн 70тен ашуун абройлуу университеттери менен тыгыз кызматташып келет. Чынында Бишкек гуманиатардык университетинин аброюу жылдан-жылга көтөрүлүп, Кыргызстандагы окуу жайлдардын алдыӊкы сабына чыкты. Маалымат катары айта кетсек, бул окуу жайда,  Кыргызстандын чар тарабынан келген 10 миӊден ашуун студент билим алышат. Мындан тышкары, чет өлкөлөрдөн да келип билим алып жаткандар да өзүнчө миӊдеп саналат. Белгилей кетсек, БГУ бүгүнкү күндө каалоочуларга дүйнүнүн 16 тилин үйрөтө  турган бирден бир окуу жай болуп калды. Албетте, мындай чоӊ жетишкендиктин баар  Абдылда Мусаев баштаган жамаатын тынымсыз эмгеги экенин баса белгилей кетишибиз керек. Негизи эле, иштейм дегендер  Абдылда мырзадан үлгү алышса. Ал кезинде Билим берүү министрлигин да жетектеп,кыска убакыттын ичинде кандай иштеш керек экенин көрсөтүп койгон. Бул жагын жалпы коомчулук жакшы билет.