Кыргызстандык аял адамдын органын сатты деген чатак менен Казакстанда кармалды. Бул туурасында Astana TV каналында маалымат берилди.

Аял донорлордун котормочусу болгон деп айтылууда. Аны Казакстандагы белгилүү трансплантолог Гани Куттымуратов менен кошо кармашкан. Алар көмүскө, тагыраагы, мыйзамсыз трансплантологияга шектелүүдө.

Трансплантологдун кесиптештери, коомдук ишмерлер жана бейтаптар ИИМ жетекчиси менен Баш прокурорго кат жазган. Анда шектүүнү эки жакка чыгып кетпейм деген тил кат же күрөө коюу менен бошотуп туруу өтүнүчү жазылган. Алар дарыгер күнөөлүү эмес жана коомго кооптуулук жаратпайт деп эсептешет.