Мамлекеттик каттоо кызматынын мурунку төрайымы ушул жылдын апрель айында тендер ызы-чуусу менен кызматтан алынганы маалым. Тендер чыры менен кылмыш иши козголгон . Себеби, ортодо жүздөгөн миллиондор сол чөнтөккө солонуп кеткени айтылган. Бул кылмыш ишинде Шаикованын өзгөчө орду бар экени белгиленген. Бирок негедир акыркы учурларда бул кылмыш ишинин жыйынтыгы чыкпай, дымый түшкөн. Айрым бир маалыматтарга караганда бүгүнкү күндө Алина Шаикова Кыргызстанда башка өлкөгө чыгып кеткени айтылууда. Атагынан чатагы арбын Алина айым бийлик менен тил табышып алып, билмексен болуп биз билбеген өлкөгө өтүп кеттиби, балким Шадиевдин ыкмасы менен «зуу» койгондур. Кыскасы, тар чөйрөдө айтылып жаткан мындай маалыматты укук коргоо органдары тастыктап, Шаикова боюнча толук маалымат бериши зарыл. Бул маселеде УКМК «уктап» деле калбастыр

Эске сала кетсек, Мамлекеттик каттоо кызматы 2018-жылы электрондук паспортко бланктарды сатып алуу боюнча тендер жарыялаган. Бул тендерге чет өлкөлүк беш компания катышып, литвалык «Гарсу Пасаулис» компаниясы жеңүүчү болуп табылган. Бирок сынактын дагы бир катышуучусу, германиялык «Мүлбауэр» компаниясы «тендерде эреже бузууга жол берилди» деп, сынактын жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылган.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет тендер чыры боюнча кылмыш ишин козгоп, бир катар жооптуу мамлекеттик кызматкерлерди «тендерде «Гарсу Пасаулис» утушуна кызыкчылыгы болгон» деп айыптаган. Мунун негизинде Мамкаттоонун төрагасынын орун басарлары Руслан Сарыбаев, Данияр Бакчиев жана «Инфоком» мамлекеттик ишканасынын жетекчиси Талант Абдуллаев камакка алынган. Ал эми мекеменин төрайымы Алина Шаикова кызматтан алынган. Сарыбаев менен Абдуллаев үй камагында отурат.

Бул чатакта УКМКнын төрагасы Идрис Кадыркуловдун аты аталып, ал өз арызы менен кызматтан кетүүгө аргасыз болгон эле.