Чүй облустук милициясы Жайыл районунда аракка ууланып каза болгон алты жаштагы баланын өлүмү боюнча бир адам камакка алынганын кабарлады. Маалыматта: бул окуя боюнча бир нече адам суракка алынгандыгы, жыйынтыгында Жайыл районунун 31 жаштагы тургуну убактылуу кармоочу жайга киргизилгени айтылат. Кармалган адам чарчап калган наристенин энеси менен жашаган 60 жаштагы адамдын уулу болот. 20-июлда Жайыл районунда алты жаштагы бала аракка ууланып чарчап калган. Милициянын маалыматы боюнча, наристеге апасы менен чогуу ичимдик ичкендер эки стакан арак ичиришкен. Бала Жайыл райондук аймактык ооруканасында бир нече күн бою жандандыруу бөлүмүндө комада жатып, эсине келбей чарчап калды