Украинанын улуттук экзит-поллунун алгачкы жыйынтыгына ылайык Володимир Зеленскийдин «Эл кызматчысы» («Слуга Народа») партиясы кечээ күнү болгон парламенттик шайлоодо Жогорку Радага добуш берген шайлоочулардын 43,9% добушун алып, атаандаштарын кыйла артка калтырды.

Экинчи орунда 11,5% менен «Оппозициялык платформа» партиясы, үчүнчү орунда өлкөнүн мурдагы президенти Петро Порошенконун «Европалык тилектештик» деп аталган партиясы, төртүнчү орунда мурдагы өкмөт башчы Юлия Тимошенконун «Батькивщина» партиясы добуштардын 7,6% менен, ал эми акыркы бешинчи орунда музыкант Святослав Вакарчуктун «Добуш» партиясы 6,3% менен парламентке өттүү мүмкүнчүлүгүн алышы мүмкүн

Калган партиялар Жогорку Рада өтүш үчүн коюлган беш пайыздык барьерди өтө алган жок. Бул экзит-поллдун Киев убактысы боюнча саат 18:00гө карата чыккан партиялык тизме аркылуу өтүүчү 225 депутат боюнча жыйынтык. Украинанын президенти Володимир Зеленский калктын депутаттарга болгон ишеничи төмөндөп кеткенин жана парламентте башкаруучу коалиция жоктугун айтып, мөөнөтүнөн эрте шайлоо өткөрүүнү демилгелеген.