Жакында мамлекеттик жана саясий ишмери Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгын утурлай Нарын шаарындагы Ленин көчөсүнө, борбордук аянтка жакын жерге баннер илинген. Бирок анын сүрөтү социалдык тармактарга жарыяланып, сүрөттөгү киши Усубалиев эмес экени талкуу жараткан. Ушундан кийин Нарын шаардык мэриясы сүрөттү алмаштыруу боюнча “Таза-Нарын” муниципалдык мекемесине тапшырма берди. Мэрия жаңылып илип алгандарга тартиптик жаза көрүлөрүн кабарлады. “Турдакун Усубалиевге 100 жыл” деп жазылып, башка кишинин сүрөтү коюлган баннер эки күн илинип турган. Ал эми баннерге мурдагы транспорт министри Кыдырма Орозалиевдин сүрөтү коюлуп калган