Маданиятта аралашып жүргөндөр, эски кишилер бир эле сөздү кайталай бергендерди жерип, «Шаршенчесинен» деп такмазалайт. Кийин бул «терминге» эски пластинкадай кайталама деген аныктама кошулган. Анын сыңары биздин бийлик да Шаршенчесинен эски пластинкасын кайталап жатат. Биздин президент Европага, асыресе Швейцариянын Берн шаарына барып «айыл чарба азыктарын, фасолду, балды, жер-жемиштерди алгыла» деп келди.

Биздикилердин шору ушул, бул жалганда Кыргызстандан башка жерде жакшы айыл чарба продукциясы өспөйт деген түшүнүк менен жашайт. Айталы, Швейцария тоолуу, банк сектору гана өнүккөн өлкө эмес, айыл чарбасы да алдыңкы өлкө. Бул бир.

Экинчиси, биз айыл чарбасын өнүктүрөбүз деп кыйкырганыбыз менен бул тармакты толук талкалап алдык. Түркия берген анча көп эмес каражатты актайлы деп Талас облусуна жыл сайын фасоль айдап жатып жер арыктады. Түшүм жок, аргасыз Өзбекстандын, Россиянын жер семирткичтерин ченебей сээп жатып  жердин кыртышын бузуп салдык.

Кызык жагдай бар, биздин тарап балды сатып алгыла дейт. Сооронбай Шарипович өкмөт башчы болуп келгенде өкмөттүк делегация Кытайга барып, Кыргызстандын болгон балын экспортко Кытайга чыгаруу боюнча сүйлөшүү жүргүзгөн. Тилекке каршы, сапаты туура келбей калган. Бирок Кытай тарап бул жылы биздин балды алуу ниети бар. Ал ортодо ишкерлер Японияга бал экспорттоп жатат. Ошондо Кыргызстан дүйнө жүзүнө бал экспорттоп калабы? Бул жагы табышмак.

Болбосо жыйырма беш тонналык бир фура өрүктүн кагын Америкага жеке ишкерлердин жөнөткөнүн өз демилгеси кылып, «Америка биздин товарды ала баштады» деп алакан чапкан Айыл чарба министрлигиндей болуп, он литр бал Швейцарияга сатып алып, балды бажардык дейбизби, бул жагы оголе түшүнүксүз.

Алмаз ТЕМИРБЕК уулу

Булак: Фабула