Жогорку Сот Музаффар Исаковдун ишин карап, аны кайрадан карап чыгууну биринчи инстанцияга, Сузак райондук сотуна 3-июлда жөнөттү. Сузак райондук соту 15-июлдагы сот отурумунда Исаковду үй камагына чыгаруу боюнча анын жактоочусунун өтүнүчүн канааттандырган.

Быйыл 14-майда Жалал-Абад областтык сотунун чечимине ылайык Музаффар Исаков күнөөлүү деп табылып, жети жылга эркинен ажыратылган. Анын бөгөт чарасы өзгөртүлүп, сот залынан камакка алынган.

Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын мурдагы депутаты Музаффар Исаковго 2017-жылы Башкы прокуратура Кылмыш кодексинин “Коррупция” беренеси менен кылмыш ишин козгогон. Ага “2010-жылдан 2015-жылга чейин Сузактагы Таш-Булак айыл аймагынын башчысы болуп турганда архитектура жана Мамлекеттик каттоо органдары менен келишип алып, 14 гектардан ашуун айыл чарба багытындагы жерди жеке менчик турак жай курууга бөлүп берүү тууралуу 315 мыйзамсыз токтом чыгарган» деген айып коюлган.

Мамлекеттик айыптоочу Музаффар Исаковду 12 жылга эркинен ажыратып, жаза мөөнөтүн күчөтүлгөн тартипте өтөөнү жана анын үй-мүлкүн мамлекеттин пайдасына алууну соттон сураган.