Өткөн жылдын акыркы айында өкмөт Мамлекеттик каттоо кызматына караштуу Автотранспортту каттоо жана айдоочулук күбөлүк берүү департаменти менен Маалыматтык кызматтардын адистештирилген борборун жоюп, анын базасында жаңы «Унаа» мамлекеттик мекемесин түзгөнү маалым. Бул ишкана Автоунааларды каттоого жана айдоочулук күбөлүктөрдү берүүгө ушул мекеме жооптуу. Иштеп жатканына 7 ай гана болгон бул ишканадан УКМК корупциялык схеманы аныктады. УКМК тараткан маалыматта: аталган мекеменин кызмат адамдарына мындан мурунураак кылмыш иши козголуп, терөө жүрүп жатканы айтылат. Тергөөнүн жыйынтыгында алар башка кызмат адамдары менен жең ичинен сүйлөшүп, коррупциялык схеманы түзүү менен ЕАЭБга мүчө эмес (Прибалтика, АКШ, Грузия) өлкөлөрдөн Кыргызстандын аймагына ташылып келинген транспорт каражаттарын, бажы алымдарын төлөбөстөн киргизгени белгилүү болгон.

Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, ушул жылдын июль айынын башында коррупциялык схема менен алынып келинген “Лексус” жана “Шевроле” үлгүсүндөгү эки машина кармалды. Мамлекеттик каттоо кызматынын сеткасына ылайык өлкөгө кирген автоунааларды каттоо жана алып келүүдө 2 млн. 608 миң сом зыян келген.