Учурда элдин сотторго болгон ишеними өтө төмөн. Соттук реформа жүрүп жатканына дээрлик 10 жылга чукулдап калды. Качан аягына чыгат али белгисиз. Биз мына ушул сот тармагындагы кемчиликтер, мыйзамсыздык көрүнүштөрдүн күнгөй-тескейи туурасында юрист Амантур Абдырахманов менен маек кылдык.

— Амантур мырза, мына дээрлик 10 жылга чукул мезгилден бери соттук реформа жүрүп жатат. Аягына качан чыгат белгисиз. Элдин сотторго болгон ишеними төмөн. Реформа жасоого эмне тоскоолдук кылып жатат?

— Ырас, 10 жылга жакын убакыттан бери соттук реформа жүрүп жатканы жалпыга маалым. Тилекке каршы, жыйынтыгын көрбөй жатабыз. Реформа тууралуу сөз кагаз жүзүндө калып, практикада такыр иштеген жок. Акыйкаттык, адилеттик болуш үчүн соттор көз карандысыз болуш керек. Эң негизги ушул фактор камсыздандырылбай келет.  Соттук системадагы реформаны аягына чыгаруу зарыл. Дагы деле үмүт чоң. Ошондуктан соттордогу коррупциялык элементтерди жок кылыш үчүн айлыктары жогору болуш керек. Соцпакет менен камсыздап, жогору жактан көрсөтмө берүүгө мүмкүн болбогон механизмдерди иштеп чыгуу абзел. Анткени ички-тышкы инвестициялык климаттын жакшырышына, экономиканын өсүшүнө соттордун чечимдери түздөн-түз таасир тийгизет. Себеп дегенде, мыйзамдуулук, ишеним соттордун чечимдери аркылуу камсыз болуп, бекемделет. Ошол себептен, соттук реформа – өлкөнүн өнүктүрөт же өлтүрөт десек жарашат.

— Демек, экономиканын өсүшү, инвесторлордун өлкөгө келип каражат салышы үчүн соттордун мыйзамдуулукту камсыз кылышы башкы фактор десек болот да…

— Албетте, инвестор каражат салаарда ошол өлкөдөгү мыйзамдуулуктун кепилдигин анализдейт. Коопсуздукту биринчи орунга коёт. Салган каражаты күйүп кетпей пайда табамбы, алданып калбаймынбы деген маселеге маани берет. Эгер мыйзамдык жактан өзүнүн коргонуу кепилдиги аз же шектүү болсо чочуп акча салбайт. Ошол себептен мамлекет инвесторлорго мыйзамдын кепилдигин камсыздап бериши милдет.

— Соттук реформаны жүргүзүп, аягына чыгаруу маселеси ар дайым президент тарабынан айтылып келет. Бирок ошол эле кезде президенттик аппарат тарабынан сотторго көрсөтмө берген көрүнүш арбын экени коомдо көп талкууланат. Мындай карама-каршылык чындыгында барбы?

— Чындыгында, карама-каршылык бар. Муну жашырып болбойт. Ошол соттук реформанын жылбай, аягына чыкпай жатканынын бирден-бир себеби ушул жерде жатат. Мына мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин учурунда президенттик аппараттын Сот укуктук реформа боюнча бөлүмүнүн башчысы Манас Арабаев камалды. Ал өз көрсөтмөсүндө жогору жактын буйругу менен сотторго кысым, басым кылган учурларын мойнуна алып айтып бербедиби. Азыр деле ошондой көрүнүш жок деп айта албайм.  

— Президент Сооронбай Жээнбеков соттордун арасында инвесторлордун мүлкүн тартып алган уюшкан кылмыштуу топ бар экенин белгилеген эле. Ушул нерсе чындап барбы?

— “Жел болбосо чөптүн башкы кыймылдабайт”. Президент жөн жеринен айткан жок да. Бүгүнкү күндөгү соттордун көз карандысыздыгына карата инвесторлордун арасында нааразычылык көп экени чындык. Айрым соттордун мыйзамсыз чечимдеринин айынан жабыр тарткандар четтен чыгат. Ошол эле соттор, экс-судьялар бирин-бири калкалап  мыйзамсыз иштерди жасап, мыйзамсыз чечимдерди чыгарган учурлар жок эмес. Бул өтө кооптуу көрүнүш. Бирөөнүн мүлкүн баскынчылык жол менен тартып алуу, тиешелүү укук коргоо органдарынын аралашуусуз ишке ашышы кыйын. Ошол себептен инвесторлордун же жеке бир адамдын мүлкүн ээлеп алуу маселесинде милиция, прокурор, соттордун кулагы чыккан жагдайлар арбын учурайт. Анткени жөнөкөй адамдын бирөөнүн мүлкүн тартып алышы түшүнө кирбейт. Демек рейдерлик укук коргоо тармагында иштеген же чоң кызматтагы адамдардын кепилдиги, коргоосу аркылуу ишке ашат. Бул эми турмуш чындыгы. Мындай факторлор бар. Мына сиздердин гезит деле рейдерликке байланышкан экс-судья Мамытов боюнча жазып жатасыңар. Эми бул жагдайды сот аныктап чекит коюш керек.

— Мына дал ушул рейдерлик маселесинде Манас Арабаев камалды, биздин гезит экс-судья Эмилбек Мамытовдун чет өлкөлүк инвесторлордун жана кыргызстандык ишкердин мүлкүн, фирмасын тартып алганы боюнча шектүү жагдайларды жазып келет. Ушундай баскынчылык аракеттерди кантип токтотсо болот?

— Эми бул маселенин чыгышынын өзү мамлекеттин кемчилдиги. Мыйзамдын иштебегенин, инвесторлордун мыйзам аркылуу корголбогонун билдирет. Албетте, бүт эле укук коргоо органдары жаман дегенге болбойт. “Беш кол тең эмес” демекчи, айрым бир укук коргоо органдарынын, соттордун коррупциялык иштерге аралашып, өзүнүн жеке кызыкчылыгын көздөп мамлекеттин аброюна, беделине көө жапкан кылмыштуу иштерди, чечимдерди чыгарып жаткан фактылар жок эмес. 

— Ошол кылмыштуу аракеттерге барган, же аралашкан сотторго, экс-судьяларга башкаларга сабак боло тургандай чара көрүлүшү керекпи?

— Сөзсүз түрдө, мыйзамсыз аракеттерге карата мыйзамдуу чара көрүлүш керек. Антпесе мамлекеттин алсыздыгы, кудуретсиздиги катары ар ким өз билген талканын чала беришет. Демек кимде-ким кылмыштуу мыйзамсыз иштерди жасадыбы, укук талаасында мыйзамдын чегинде жоопкерчилиги каралышы милдет. Ошондуктан мейли экс-судья болсун, мейли иштеп жаткан сот болсун, кылмыштуу иштерге аралашканы аныкталса, күнөөсүн далилдеген фактылар бар болсо мыйзам алдында жооп бериш керек. Ансыз, мыйзамдуулукту камсыз кылуу, элдин ишенимин арттыруу мүмкүн эмес.

— Эгер Кыргызстандын жараны башка өлкөнүн жаранын же чогуу иштеген бизнес өнөктөшүн алдап чыгым кылган, зындуу кылмыштуу иштерге барса, анан жабыр тарткан тарап аны өз өлкөсүндө сотко берип утуп алса ал соттун чечимин Кыргызстанда ишке ашыруу мүмкүнбү?

— Ар бир өлкөдө укуктук нормаларды ишке ашырган эл аралык келишимдер иштейт. Маселен, мурдагы союздук өлкөлөр арасында соттук чечимдерди аткаруу боюнча келишимдер бар. Эгер Кыргызстандын жараны Казакстангабы же Россияга барып кандайдыр бир бизнес кылып, анан кимдир бирөөнү алдап же чогуу иш кылган өнөктөшүнө зыян кылган кылмыштуу иштерди жасаган болсо, анан ал өлкөнүн соту тарабынан келтирилген чыгымды өндүрүп берүү тууралуу чечим чыкса, жабыр тарткан тарап ошол соттун чечимине таянып, эл аралык келишимде көргөзүлгөн процедураларды аткарып туруп Кыргызстандын тиешелүү органдарына жиберсе, кылмыш кылган адамдын мүлкүн камакка алабы же башка мыйзамдуу жолдор аркылуубу тарткан чыгымын өндүрүп берүүгө толук мүмкүндүк болот.

 Маектешкен Алмаз ТЕМИРБЕК уулу