«Ата Мекен» партиясынын түрмөдө жаза мөөнөтүн өтөп жаткан лидери Өмүрбек Текебаев операцияга даярдалып жатат. Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунун директору Сабырбек Жумабеков «Азаттыкка» айтып берген:

— Мурда белинен операция болгон экен. Ал жерде дагы эки грыжа чыгып, омурткалары да бошоп калган. Операция жасайлы десек жүрөгүндө да маселе бар экен. Азыр кардиологдор карап жатат. Ошондон кийин омурткасына операция жасайбыз.

Буга чейин Мирсаид Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборунда дарыланып жаткан Өмүрбек Текебаев Травматология жана ортопедия борборуна июндун аягында которулган.