“Учкун» басмаканасынын директору Даир Кенекеев басылма аттестаттарды «окончил среднюю реднюю школу» деген ката жазуусу менен бастырганын мойнуна алды. Ал муну «адамдык фактор» деп атап, өзү жоопкерчиликтен качты. Кенекеев: «Мындай ката жазылган аттестаттардын саны болгону 24, алардын баары Нарын облусундагы Туз айылынын мектеп окуучуларына берилген. Ар бир документ билим берүү министрлиги менен макулдашылат, ал “среднюю реднюю” деп жаза алмак эмес. Бул биздин ката жана муну мойнубузга алабыз»- деди. Директор бул ката үчүн  документтердин жекелештирүү бөлүмүнүн башчысын кызматтан алган. Ал эми   башка аттестаттардагы «жөнүндөгү» деген сөздөгү «Н» тамгасын «Ң» деп алмаштырып жазылган катаны басма кетирбегенин айтып, безилдеген. Анын айтымында ал министрлик менен макулдашылган экен. “Ӊ” катасы үчүн басмакананын үч корректору кызматынан бошотулуп, үч кызматкери иштин ички регламентин бузгандыгы үчүн жазаланган. Негизи жетекчи катар өзү биринчи кезекте жазаланышы абзел болчу.

Эске сала кетсек, 61 миӊ аттестат ката жазылган. Эгер ата-энелер ал боюнча арыз жазышса, “Учкун” ишканасы министрлик менен биргелешип, кайрадан бастырып беришет. Бул иш боюнча учурда кылмыш иши  козголуп, тергөө жүрүп жатат. КЕнекеев болсо ушунча ката кетирип, Өз милдетин так аткара албай, коомчулуктун сынана кабылса да, минтип калп-чынды аралаштырып кенебей турат. Кыязы, колдогон кожосу күчтүү белем… Мыйзам иштебеген өклдө гана ушундай баш аламандык, тартипсиздик өкүм сүрө берет…