Жарымы жашыруун…

Америкадагы  Дүйнөлүк экономика институтунун профессору Киле Кристоф Требеш, Гарвард университетинин экономика изилдөөчү адиси Кармен Рейнхарт жана Германиянын Мюнхен университетинин экономисти Себастьян Хорн менен биргеликте Кытай канча мамлекетке канча көлөмдө карыз бергенин иликтеп чыгышты. Иликтөө макаласы «Кытайдын чет өлкөлөргө берген насыялары» деп аталат.  Ал иликтөөгө ылайык Кытай акыркы он жыл ичинде катуу өнүгүп, чет мамлекеттерге  100 миллирддаган насыяларды бере баштаганы айтылат. Кытай акыркы жылдары дүйнөнүн 50дөн ашуун мамлекетине чоӊ суммадагы насыяларды берген жана ал берилген насыялардын баары ачык түрдө эмес, жарымы мамлекеттик сыр катары жашырылып келет. Бүгүнкү күндө жалпысынан Кытайга ондогон мамлекеттер 5 триллион доллардан ашуун карыз деп эсептелүүдө. Эки-үч жыл мурунку маалыматтарда Кытай Азия, Африка жана Европаны 68 өлкөсүндө жалпы наркы 8 триллион долларды түзгөн долбоорлорду каржылап жатат деген маалыматтар тараган болчу.

 Иликтөөчү экономисттер эгер Кытайдын тышкы карыз саясатында катылбаган сыр болбогондо, бул көрсөткүч дагы кайла жогору болмок деп болжошот. Алар  Түркмөнстандын буга чейин  Кытайдан алган насыясы канча  экени белгисиз болуп келгени буга чейин ЖМКларда көп эле жазылды. Бирок жогоруда аттары аталган иликтөөчү экономисттер Түркмөнстан бүгүнкү күндө Кытайга 6-7 миллиард долларга чейин карыз экенин белгилешти.

 Кытайдан карызды көп алган бизге жакыныраак мамлекеттердин катарына: Беларусь,  Таджикистан, Түркмөнстан жана Өзбекстан да кирет.  Беларусь мамлекетинин Кытайга болгон карызы өз өлкөсүнүн  31 пайыз ИДПсын түзөт. Таджикстандыкы 15 пайыз ИДПсына барабар. Ал эми Кытайга эӊ көп карыз болгондор: Жибути, Лаос, Тонга, Мальдив аралдары жана Монголия, Черногория, Пакистан жана Конго республикасы.

Кыргызстандын Кытайга болгон карызы мамлекеттин 30 пайыз ИДПсына туура келет. Баса белгилеп, толуктап айтып кетсек, биздин Кыргызстандын жалпы тышкы карызыбыз (ички карызды эсепке албаганда): 3 млрд. 764 млн. долларды чапчыйт. Бул акчанын 1,7 млрд. долларын Кытайдын Экспорт-импорттук банкынан алынган. Андан кийинки көп карыз Японияга тиешелүү. Бул күн чыгыш мамлекетине 237 млн. доллар,  Германияга 83 млн. доллар карыз.

Эми бизге жакын, түбөлүк кошуналардын дүйнө мамлекеттерине болгон жалпы карызы тууралуу төмөндө маалымат ала аласыздар:

  1. Казакстандын жалпы тышкы карызы 161, 5 млрд.  долларды чапчыйт. Бул карыз акчанын көбүн Нидерланд королдугунан алган. Тактап айтканда 48,9 млрд. долларга жетет. Андан кийин Англиядан алган каражаты 21,3 млрд., АКШдан 12,3 млрд., Кытайдан 11,9 млрд., Франциядан 11,7., Россиядан 10 млрд. доллар.
  2. Өзбекстандын жалпы  тышкы карызы 14, 7 млрд доллар. Бул мамлекет жарым жартылай жабык мамлекет болуп келгендигине байланыштуу кайсы мамлекетке канча карыз экенин ачыкташкан эмес.
  3. Таджикистандын жалпы тышкы карызы 2, 8 млрд. доллар. Бул өлкө 62,2 млн. долларын ЭВФдан  (Эл аралык валюта фонду) алган. Кытайдан 3,5 млн. доллар, Ислам өнүктүрүү банкынан 812 млн.доллар, Дүйнөлүк банктан 315 млн.доллар, Азия өнүктрүү банкынан 278 млн. доллар.
  4. Түркмөнстан дагы жабык өлкө болгон үчүн тышкы карыздын так көлөмүн жан кайсы мамлекеттерге карыз экенин расмий түрдө көрсөткөн эмес. Бул өлкөнүн  тышкы карызы 9 -11 млрд. доллардан 16 млрд. долларга чейин деген маалымат айтылган.

Капсалаӊдуу карыз капканы…

Белгилей кетсек, Шри-Ланканын  Кытайга болгон карызы 2017-жылдын аягына карата 48,3 миллиард доллар, же аталган өлкөнүн ИДПсынын 80 пайызын түзгөн.  Шри-Ланканын бийлиги убактысында Кытайга карызын бере албай калган, натыйжада өлкө үчүн мааниси чоң Хамбантота портун China Merchants  Port  Holdings кытай мамлекеттик ишканасына өткөрүп берүүгө мажбур болушкан. Мында «Хамбантота» башкаруучу компаниясынын акцияларынын көзөмөлдөөчү пакети, ал эми порттун өзү 99 жылга ижарага берилген. Кытайдын аталган порттогу үлүшү болжол менен 8 миллиард долларга жетет.  Бирок мындай айырбаштоодон кийин да Кытай карыздын толугун эмес, 1,1 миллиард долларын гана кечкен. Мындай көрүнүш Кытайга 16 млрд. доллар карызы бар Пакистанда, Африканын айрым өлкөлөрүндө да байкалган.

Дагы бир кызык жагдай Кытай дүйнөнүн Россия баштаган бир катар мамлекеттердин өзүнө болгон карызынын 3төн бир бөлүгүн кечкени айтылат. Бирок кандай шартта кечкени жашыруун бойдон калган. Болгону экономикалык кызматташуу маселеси

Кытай 2000-жылдан 2009-жылга чейин 35 африкалык өлкөнүн жалпы 2,85 миллиард доллар өлчөмүндөгү карызын кечкен. Бирок жөн эле эмес,  бул маселеде да ачыкка анчалык чыкпай калган жагдайлар бар.

Жогоруда Шир-Ланкадагы портту мисалга тарттык. Андай көрүнүш биздин кошунабыз Таджикстанда да болду. Тажик бийлиги өткөн жылы  Кытайга Жогорку Кумарг алтын кенин «Душанбе-2» ТЭЦин салып бергени үчүн өткөрүп беген.  Борборлоштурулган жылуулук түйүнүнүн чыгымы 350 миллион долларды чапчып, анын басымдуу бөлүгүн, тагыраак, 330 миллион долларын дал ушул Кытай  каржылаганы маалым.   Тажик өкмөтүнүн Геология боюнча башкы башкармалыгынын маалыматына караганда Согду облусундагы кенди ТЭЦти курган ТВЕА компаниясы  иштетмекчи. Ишкана курулушка салынган бардык каражаттарды жапканча аталган кенден алтын өндүрөт.

Бул маселеден тышкары, Тажикстанда карыз үчүн кайсы бир тоолуу аймак дагы Кытайга көп жыл жеӊил шартта ижарага берилгени айрым ЖМКларда жазылып, ал маселе катуу сынга алынган. Бирок тажик бийлиги да,кытай өкмөтү да андай маалыматты расмий түрдө тастыктаган эмес.

Мына ушуга окшогон  кооптуу абал биздин мамлекеттин башына келбейт деп ким кепилдик бере алат? Албетте, эч ким кепилдик бере албайт. Андыктан, «жылкыӊа карап ышкыр» — демекчи, карыз маселеси оюнчук эмес экенин мамлекет башчылары тереӊ түшүнүп, бул маселеге керт башы менен жооп бериши зарыл. Бирок акыркы 30 жылга жакын мезгилде Кыргызстанды  4 адам башкарды, бир жарым жылдан бери бешинчиси башкарып жатат. Мамлекет карызга белчеден батып турат. Бешинчи адам деле мурункулар чапкан жол менен кетип жатканы аныкталды. Бул жагынан алганда элдин эле шору экен.

Келечек муун кечирбейт!

Чынында Кытайдын экономикалык көрсөткүчү акыркы жылдары Американы артка калтырып келатат.  Бул мамлекет кайсы мамлекет карыз сураса, ошол мамлекетке берешен болуп, сураган каражатын берип жатат. Бирок карыз менен кошо ошол мамлекетке Кытайдын таасири, билинип-билинбеген үстөмдүгү кошо берилип, ага да расмий документ катары «кол коюлуп», мөөр басылып жатканы баарыбызга эле түшүнүктүү.
Азыр Кыргызстандын калкынын саны 6 миллиондон ашты. Ошол 6 миллиондун ар бирине тышкы карызды бөлүштүрө келгенде, 700 доллардан тийерин буга чейин Каржы министрлиги «сүйүнчүлөгөн» эле…

 Кыргыз эли Кытайга болгон карызыбызды ойлогондо оюбуз онго бөлүнүп, төбө чачыбыз тик турат. Карапайым калк кантип кутулабыз деп, Кудайдан тилек тилейбиз. Бирок ошол эле учурда кыргыз бийлиги Кытай эле эмес, башка мамлекеттерден алынган олчойгон карыздан кантип кутулууну эмес, ошол алынган карыздардын үстүнө дагы кантип карыз алууга жол издеп, жандалбастап келатканы анык.

1990-жылдардан бери алынган тышкы карызыбыз 100 пайыз мамлекеттин экономикасын көтөрүүгө, элдин социалдык көйгөйүн чечүүгө жумшалдыбы? Таш балекеттинби?! Баары дебейли, бирок алынган тышкы карыздын көбү атка минерлер тарабынан уурдалды. Атка минерлер жешти, тоношту, мамлекетти сызга олтургузушту. Бирок көбү жооп бербей, азыркы күнгө чейин ошол коррупционерлер элге акыл үйрөтүп, өздөрүн укмуш сезип жүрүшөт.

Кыскасы, мамлекетте тартип орнобой калды. Башкарууда баш аламандык, туугандык, өз ара алыш-бериш укмуштай өкүм сүрүп турат.  Алкымы жаман атка минерлердин уурулуугу менен кошо мамлекеттин келечеги кошо уурдалып, экономикасына эбегейсиз сокку урулду. Эмдигиче ошол соккудан оӊоло албай, оӊкобуздан кетип, оозубузду аӊырдай ачып келебиз. Келечек муун мындай чыккынчылыкты кечирбейт… Бул жексурларга элдин каргышы тийер бекен…

Бул маселени жөнгө салууга ансыз да кеч болуп кетти. Ошондой болсо да, эсибиз барда этегибизди жыйбасак, өлкө тагдырын мындан да кейиштүү абал күтүшү толук мүмкүн…

                                                                                              Айбек ШАМШЫКЕЕВ