Бул тууралуу Алмазбек Атамбаев 16-июлда Кой-Ташта тарапкерлери менен жолугушкан учурда айтты. Ал «— Факт сотто далилденген. Бирок ал жазасын эбак эле өтөп койгон. Мен Текебаевдин кылмыш иши боюнча катаал маселеге туруштук беришим керек эле. Анткени парламентте Текебаевдей адамдар абдан керек экендиги көрүнүп турат. Ал узурпатор Атамабевге салыштырмалуу Сооронбайдын (Жээнбеков — ред.) убагында көбүрөөк отурат,— деди.

«Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев жана мурдагы министр Дүйшөнкул Чотонов орус жаранынан ири суммада пара алган деген негизде 2017-жылы сегиз жылга кесилген. Муну Текебаев Атамбаевге ачык оппозицияда болгону үчүн саясий куугунтук катары баалап жүрөт.