Жогорку сот “Ата Мекен” партиясынын түрмөдөгү лидери Өмүрбек Текебаев жана мурдагы элчи, экс-министр Дүйшөнкул Чотоновдун ишин жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу кароону 21-августка жылдырып койду. Судья жараяндын жылышын иштин көлөмү чоң экени менен түшүндүргөн. Кечээ күнү болгон сотко  партиянын айрым мүчөлөрү, Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясынын депутаттары, аталган партиянын айрым мүчөлөрү, айыпталуучулардын жакындары киргизилип, журналисттер менен айрым тарапкерлер киргизилген жок. «Ата Мекен» фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмамтов бул маселе боюнча: «Төрагалык кылуучу судья иш көлөмдүү, иш менен таанышуу керектигин айтты. Биздин жактоочулар жаңы жагдайлар боюнча документтерди сотко 3-4 ай, прокуратурага 5 ай мурда берген. Бирок дагы 1 ай убакыт керек дегени бизге түшүнүксүз болуп жатат»- деп өз пикирин билдирди.