Өкмөттүн Жогорку Кеңештеги өкүлү Ашырбек Темирбаев 66 жашында оорудан улам каза болду.Ал  1952-жылы Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарында туулган. 1975-жылы кен инженери адистиги боюнча Фрунзедеги политехникалык институтту, 1990-жылы Ташкенттеги Жогорку партиялык мектепти, 1997-жылы юриспруденция адистиги боюнча Кыргыз мамлекеттик улуттук университетин бүткөн. Эмгек жолун 1973-жылы Челябинскиде шахтада кызматкер болуудан баштаган. 10 жылдан ашык шахта тармагында иштеген соӊ, партиялык кызматка өткөн. 1991-1993-жылдары Таш-Көмүрдө секретарь, Жогорку соттун төрагасынын орун басары, 1993-жылдан 2008-жылга чейин Жогорку Кеӊештин  (3 жолу дайындалган) аппаратынын жетекчиси, 2009-2011-жылдары өкмөттүн аппарат жетекчисинин орун басары, 2011-2012-жылдары Башкы прокуратуранын Иш башкармалыгын жетектеген. 2012-жылдан тартып Өкмөттү Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү болуп эмгектенип келген.


“Манас-1000” юбилейлик медалы, “Даңк” медалы, КМШнын Парламенттер аралык ассамблеясынын Ардак грамотасы менен сыйланган. Мамлекеттик кызматтын 2-класстагы мамлекеттик кеңешчиси класстык чини бар.