Сооронбай Жээнбеков  мурунку министр Олег Панкратовду өзүнө  кеңешчи кылып дайындап алды.   Олег Панкратов 1969-жылы 1-январда Жалал-Абад шаарында туулган. 2010-2013-жылдары экономикалык жөнгө салуу министринин орун басары,  2013-2015-жылдары өкмөт башчысынын кеңешчиси, ЕАЭБ жана Бажы биримдиги боюнча адис,  2015-жылдын май айынан ноябрына чейин экономика министри, вице-премьер-министр, 2018-жылдын 20-апрелинен тартып 2019-жылдын май айына чейин экономика министри болуп иштеген. Ал ушунча кызматтарда иштесе да, жарк этип кандайдыр бир жакшы иши менен эл оозуна алынбады. Ага карата коомчулукта дайым катуу сындар айтылып келди. Кыскасы, Жээнбеков кадр тандоо жагынан алда канча эле аксап жатат. Буга чейинки кеӊешчилердин бири Айбек Азранкулов кызматын таштап, мурунку кожоюну Атамбаев тарапка өткөн.