Жогорку Кеӊеш бир  «Лексус-470»  унаасын оӊдоого  254  миӊ сом сарптай турган болду. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар боюнча порталынан белгилүү болду. Аталган машина заводдон 2003-жылы чыгарылган. Анын алдыӊкы тетиктери  жана терезелери алмаштырылат. 254 миӊ сомдун ичинде кызмат көрсөтүүчү адистин кызмат акысы да бар. Бул акча  мамлекеттик бюджеттен каралууда. Буга чейин парламент атка минерлерге бюджеттик каражатка автоунаа жана эмерек алууга тыюу салган болчу. Ал эми бул маселе өздөрүнө келгенде, албетте мыйзам иштебей калат…