Өзбекстанда аткаминерлердин айткандарын аткарган же аткарбаганына байкоо салып vada.uz деп аталган сайт ишке киргени маалым болду. Ал сайттын негиздөөчүлөрү өздөрүнүн интернет-басымасы аркылуу каалаган жаран мамлекеттик кызматкерлердин буга чейинки берген убадасын канчалык деңгээлде өз учурунда аткарылгандыгына көз салып тура алат деп билдирген. Ошону менен бирге аткаминерлердин элге берген убадаларын улам эстетип, аларды унутуп калбай аткарууга мажбурлоо аракетин көрөт