Коргоо кеңешинин мурдагы катчысы, УКМКнын мурдагы төрагасы Бусурманкул Табалдиевге издөө жарыяланды. ИИМ тарткан маалытта: « ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу Жазык кодексинин 319-беренеси («Коррупция») боюнча сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат. Бул ишке байланыштуу Бусурманкул Табалдиевдин кайда экени аныкталбагандыктан издөө жарыяланды, — деп айтылат. Белгилей кетсек, ал кримтөбөл Азиз Батукаевди мөөнөтүнөн мурда абактан бошотулушуна байланыштуу кылмыш ишине шектуу катары изделип жатат.

Табалдиев кримтөбөл Азиз Батукаев мөөнөтүнөн мурда абактан бошогон 2013-жылы Коргоо кеңешинин (азыркы Коопсуздук кеңеши) катчысы болуп иштеген.