Бүгүн Көкөмерен дарыясынан өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлчүлүгүнүн аппарат башчысы, маркум Молдакун Абдылдаевдин уулу Илимдин сөөгү табылды. Абдылдаев, анын аялы, баласы жана 8 жаштагы небереси, айдоочусу түшкөн автоунаа 30-июнда Суусамырга Кожомкулдун 130 жылдыгына бараткан учурда кырсыкка кабылып, Көкөмерен дарыясына агып кеткен. 2-июлда Молдакун Абдылдаев менен анын айдоочусунун, 4-июлда небереси Сафиянанын сөөктөрү табылып, жерге берилген. Ал эми маркумдун жубайы Тинатин Шадыканованын сөөгү 10-июлда табылган. Эне -баланын сөөгү эртеӊ жерге берилмекчи. Акыркы сапарга узатуу Кара-Жыгач конушунда болот.