Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн таң эрте Швейцарияга учуп кетти. Бул тууралуу мамлекет башчысынын маалымат кызматы кабарлады. Жээнбековду Швейцариянын президенти Ули Маурер чакырган.



Расмий делегациянын курамы:

  • Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков;
  • Президенттин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков;
  • Кыргызстандын Швейцариядагы Атайын жана ыйгарым укуктуу Элчиси Данияр Мукашев;
  • Жогорку Кеңештин вице-спикери Мирлан Бакиров;
  • Жогорку Кеңештин депутаты Аида Исмаилова;
  • Жогорку Кеңештин депутаты Абтандил Кулбараков;
  • Экономика министри Санжар Муканбетов;
  • Финансы министри Бактыгүл Жеенбаева;
  • Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов.



Сапардын Жээнбеков Швейцариянын президенти Ули Маурер, Федералдык жыйындын Улуттук кеңешинин төрагасы Марина Кароббио Гушетти жана Швейцариянын Улуттук банкынын төрагасы Томас Йордан менен жолугушат. Анда соода-экономикалык, банк чөйрөлөрүнө, Кыргызстандын экономикасынын перспективдүү секторлоруна инвестиция тартууга, парламенттик демократияны курууга басым жасоо менен эки тараптуу кыргыз-швейцариялык мамилелерди илгерилетүү маселелерин талкуулоо пландалууда.

Экономика, финансы, туризм, региондорду таза суу менен камсыз кылуу жана башка чөйрөлөрдөгү документтерге кол коюу күтүлүп жатат.

Мамлекет башчысы мындан тышкары, Швейцариянын ири бизнесмендери менен жолугат, ага Кыргызстандан барган ишкерлер катышат.