Cузак районунун Барпы айыл өкмөтүндөгү Каңды айылында 11 жаштагы жеткинчек бала өз үйүндө бычакталганы Жалал-Абад облустук милициясынан белгилүү болду.

Маалыматта: окуя 8-июль күнү саат 13:00дөр чамасында болгондугу айтылат. Милиция кызматкерлери ыкма маалыматтын негизинде окуя болгон жерге жетип барган кезде 4-класста окуган баланын колу-буту скотчтолгон абалда үйдүн кире беришинде жаткан. Ал денесинин бир канча жерине бычак сайылып, мыкаачылык менен өлтүрүлгөн. Ушу тапта иликтөө жүрүп жатат.