Бүгүн «Марал» радосунда «Замандаш» партиясынын төарагсы Жеңиш Молдокматов менен Равшан Жээнбеков маек куруп жатып, бири-бирине сын айтты. Береги тасмада көрүнүп тургандай, Молдокматов Жээнбеков 2001-2004-жылдары Мамлекеттик мүлк фондусун жетектеп турганда Кыргызстандагы болгон завод-фабрикалар баштаган ырыстуу мекемелердин баарын ит бекер сатып, менчиктештирүүгө бергенин айтып, оозун жаап кылды. Бирок Жээнбеков кылган кылмыштуу ишин мойнуна албай, ажаан аялдарча ажылдап жатты. Мындай көрүнүш айласыздан талаа-түздө, чытырман токойлордо тарп аңдыган чөөлөрдү эске салат экен…

Эмнеге дегенде, чын эле Жээнбеков Мүлк фондунун башкарып турганда Молдокматов айткандай 42 эмес, 300дөн ашуун объектинин ит бекер сатып, өз да бир топ мекемелерди менчиктеп алган. Бул кашкайган чындык. 2005-жылы ага Маммүлктөгү ишмердүүлүгү боюнча кылмыш иши козголуп, бирок токтоп калган. 2007-жылы кайра жанданган. 2008-жылы болсо кайрадан кылмыш иши козголгон. Бирок ошондой болсо да, акчасы көп Жээнбеков темир тор артына кетпей, баары менен тил табышып, жең ичинен сүйлөшүчүсү менен сүйлөшүп, айтор «отко күйбөс, сууга чөкпөс» болуп ээн эркин жүрүп, элге акыл үйрөткүч болуп чыга келди. 2010-жылы козголгон кылмыш иши кыскарып кеткен. Азыр да коомчулуктун Равшандын атын укканда кыжыры кайнап, жерге түкүрүнөт. Анан ушундай адамдар тазалык, коррупцияга каршы күрөшүү тууралуу сүйлөп, күйбөгөн жериңди күл кылат… Иттики десе, кызыталак…

Мына ушундай жегичтерди жер бети кантип көтөрүп жүргөнүн да баш чайкап, аргасыздан таң бересиң…Бирок кандай болгон күндө да, ким болсо да, акыры Кудай алдында жооп бере турчу күн келээрин унутпашы зарыл…