Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат ушул күнгө чейин РАИМИЛЛИАРДдын мүлкү текшерилип бүтпөй жатканын, ал боюнча «абдан көп документтер талданып жатаканын кабарлады. Аталган кызматтын жетекчиси Бакир Таиров 20 күн мурун бир жуманын ичинде текшерилип бүтө турганын айткан болчу. Андан бери 3 жума болуп калса да, ишти дагы эле созуп жатканы байкалууда. Барган сайын РАИММИЛИАРДдын бийликтин бийик бутагындагы билермандары менен чырмалышкан тууган, жакын санаалаш экени ачыкталууда. Ошондон улам Матраимовдордун былыктары ачык көрүнүп турса эч ким ага каршы кылмыш иши козгобой келет…