2-июль күнү ЦУМдун тегерегинен сабоо жеген Нигериянын жараны Али алган жаратынан улам каза тапты. Ал Бишкектеги Cambridge School англис тил мектебинин директору болчу. Бул кылмышка шектүү адам катары Ысык-Көл облусунун 1997-жылы туулган тургуну кармалды. Маркум соккудан улам асфальтка кулап түшкөндө талуу жери менен тийип калгандыгы айтылууда. Ал ошондон бери ооруканада комада жаткан болчу.

Маркумдун досторунун бири, белгилүү ырчы Самат Дөөлөтбаков булкарагашалуу окуя тууралуу мындай пикирин жазды;

«Кабарды жаңы алдым. Көзүмдө жаш… көптөн бери минтип ыйлай элек элем… Али — адам затынын эң бийик пенделеринен болгон. 5 маал намазда, ар дайым күлүм сүрөгөн, ичи ак адам эле. 2 баланын атасы, өтө интелегенттүү, ар бир адам менен тил таба турган жигит эле. Кыргызстанды ата-мекениндей сүйүп, күйчү… Дагы эле, ишене албай турам. Жакында жолугабыз деп, жолуга албай калдык… Тил мектеби боюнча мага жардам берип, консультация кылган бала эле… колунан келген жардамын аябачу…

Али — биз сага татыктуу эмес элек… Кечир бизди! Иттик кылдык! Биз качанкыга чейин адамды сырткы келбетинен, өңүнөн баа беребиз? Качан ушуну токтобуз туугандар??? Качан оңолобуз? Ошол өлтүргөн балага кайрылат элем. Эй акмак! Сендей балдардын далайына ушул жигит тил үйрөтүп, өнүгүүсүнө салым кошту! Керек болсо, сен анын бир чачындагы кылына тең эмессиң! Ылайым, жасаганыңдын үзүрүн көр!!! Кош бол Али досум. Сага жакшы дос боло албадык…»