ИИМдин басма сөз кызматы бүгүн белгисиз жаран Ысык-Көл облусундагы «Хан-Теңири» лагеринин жетекчисинин орун басарын жана ошол жерде иштеген кызматкерди атып өлтүрүп, бир аялды барымтага алып из жашырып кеткенин кабарлады. Кылмыштуу окуя кечээ күнү болгон. Маалыматта: жабыркагандардын бири алган жараатынан ошол жерде, ок жеген экинчи киши медициналык жардам көрсөтүү үчүн чек ара тозотуна алынып келаткан кезде каза болгондугу, окуя болгон учурда ашканада тамактанып отурган жылкычы, Түп районунун 33 жаштагы И. У. аттуу тургуну ок аткан кишини кармоого аракет көргөн. Бирок кылмышка шектүү качып кетүүгө үлгүргөндүгү айтылат.

Ок аткан «Хан-Теңири» лагеринде кароолчу болуп иштеген, Түп айылынын 29 жаштагы Сергей Смирнов аттуу тургуну экени, ал «Вепрь» үлгүсүндөгү ок атуучу курал менен ашканага кирип барып ок чыгарган. Азыркы учурда милиция жана чек ара кызматынын кызматкерлери кылмышка шектүүнү кармоо жана барымтадагы аялды бошотуу максатында атайын ыкчам иш-чараларын жүргүзүүдө. Окуя болгон жерге ички иштер министри Мирлан Каниметов барып, кылмышкерди издөө иликтөө жана кармоо иш-чараларына жетекчилик кылууда.

Акыркы маалыматтар боюнча кароолчу Сергей барымтага алган аялды кое берип, өзү ат менен андан ары качкан. Аял учурда лагерге келгендиги айтылууда