2-июлда Свердлов облусундагы «Кыргызстан-Урал» коомдук уюмунун мурдагы жетекчиси Камчыбек Каримовду атып кетишкени маалым. Жергиликтүү Е1.ru порталы Каримовго кол салуу учуру видеобайкоого түшүп калган кадрды YouTube каналына жайгаштырды. Андан эки эркек киши ишкерге кол салып, андан ары качып кеткенин көрүүгө болот. Андан соң Каримов ичин кармап чөгөлөп отуруп калган, жанында сумка турганы байкалат.

Орусиянын Екатеринбург шаарында кыргыз диаспорасынын башчысы Камчыбек Каримовду атып кетишкени маалым болду. Кылмыштуу окуя 2-июлда күндүз саат бирлерде Каримов жашаган үйдүн жанында болгон. Кылмышкерлер маркумдун сумкасынан акчасын алып, из жашырышкан. Ал жеке ишкер катары соода менен алектенип келген.Полиция кылмыш ишин козгоп, тергөөчүлөр окуянын чоо-жайын иликтеп жатат. 3-июлга медициналык экспертиза дайындалган. Каримов 2012-жылдан бери Екатеринбургдагы кыргыз диаспорасын башкарып келет. Маркумдун артында жубайы жана үч баласы калды. Ал көп жылдан бери кыргыз мигранттарына көмөк көрсөтүп келген .

Кылмышкерлердин колунан ок жеп каза болгон «Кыргызстан-Урал» коомдук уюмунун мурдагы жетекчиси Камчыбек Каримовдун жанында 19 миллион рубль болгон. Бул туурасында диаспорага шилтеме кылуу менен Е1.ru. порталы жазды.

Порталдын билдиришинче, ал текстилдик продукцияларды дүңүнөн алып иштеген ири ишкер болгон. «Таганский ряд» базарында 12 соода күркөсү болгону айтылат. Ар шейшемби сайын товарларды дүңүнөн сатуу жүрөт, Каримов дал ушул күнү киши колдуу болгон.

Ишкердин тааныштарынын айтымында, маркумга 19 миллион рублге чукул акча салынган сумкасын көтөрүп үйүнө бара жатканда кол салышкан. Адатта ал автоунаасын үйдүн алдындагы унаа токтотуучу жайга токтотуп, анан тегерек чети курчалган аймак менен батирине кирчү. Бирок мында эмнегедир машинасын сыртка токтоткон экен.

Маркумдун тааныштары белгисиз адамдар Каримовду карактоого аракет кылган, бирок ал каршылык көрсөтүп сумкасын бербей койгон дешүүдө. Күнүмдүк мамиледеги пикир келишпестиктен улам атып кетиши ыктымалдыгы азыраак экенин белгилешет.

«Балким каракчылар жабырлануучунун өлүмүнөн кийин өзүн жоготуп койгондур. Сумканын ичинен эки миллионго чукул акчаны алып, унаасын да калтырып кеткен», — деп айткан диаспорадагы булак.

Ошол эле учурда ишкердин өлүмүнө базардагы талаш себеп болушу мүмкүн дегендер да бар. Анткени буга чейин да кыргызстандык соодагерлерге кол салуу болгон.

Бул боюнча укук коргоо органдары да үн катты.

«Негизи банк аркылуу жиберилген акчанын кайсы бир бөлүгү комиссияга кармалып калат. Мындан улам соодагерлер каражатын ушул түндө учууга белсенип турган Каримовго беришкен. Азыркы көйгөй олуттуу, анткени каражаттын кайсы бир бөлүгү уурдалып кетти. Эми диаспора акчасын Кыргызстанда зарыгып күтүп отургандардын маселесин чечиши керек», — деп айткан укук коргоо органынын өкүлү.

Дагы: https://sputnik.kg/incidents/20190704/1044934872/ekaterinburg-kamchybek-karimov-19-mln-rubl.html