Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районундагы Кара-Суу айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы Руслан Бекназаров президенттик аппаратка кызматка дайындалганы маалым болду. Ал аппараттын жарандардын кайрылуулары менен иштөө бөлүмүнө эксперт катары кабыл алынган.

Бекназаровдун кызматтык милдетине аймактардагы жарандардан келген кайрылууларды талдоо жана аппараттын мындан аркы иш жүргүзүшү үчүн эксперттик сунуштарды берүү кирет.