Кыргызстандын Малайзиядагы, Түштүк Кореядагы мурдагы элчиси Кылычбек Султан УКМКга чакырылды. Ал мурда өзүнө козголгон кылмыш ишинин негизинде 3-июлда күбө катары көрсөтмө берүүгө чакыруу жиберилген. Бирок кайсы кылмыш иш жөнүндө сөз болуп жатканы азырынча маалым эмес. Ал кечээ күнү мурдагы президентке тилектештик билдирип, Кой-Таш айылына барып Алмазбек Атамбаев менен жолугушкан.



.

2



Кылычбек Султан 2018-жылдын декабрында Түштүк Кореяда элчи болуп турган кезинде элчиликтерде коррупциялык иштер бар экенин жарыялаган. Ал терс көрүнүштөр тууралуу Тышкы иштер министрлигине, УКМКга, президенттик аппаратка жазган каттарына жооп болбогондуктан, президентке ачык кайрылганын айткан. Ошондон кийин Султанов, мурдагы тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев кызматтан алынган.