ИИМдин из кубарлары Бишкекте курорттук мекемелердин жетекчилик кызмат орундарын сатып алууну сунуш кылып, алдамчылык менен алектенген аялды кылтакка илишти. Ал эки адамдан абройлуу санаторийлердин бирине жетекчи кылам деп 28 жана 30 миң доллар алган. Алдамчы аял жетекчи болгусу келгендерге чоң кызматта иштеген жакшы тааныштары бар экенин айтып, жетиштүү деңгээлде ишенимине кирген. ИИМ азырынча бул кылмыш ишинде кеп болгон санаторийлердин атын ачыктай элек. Бул кылмышка шектүү болуп жаткан 49 жаштагы аял буга чейин да соттолуп чыккан.