Орусиянын Екатеринбург шаарында кыргыз диаспорасынын башчысы Камчыбек Каримовду атып кетишкени маалым болду. Кылмыштуу окуя 2-июлда күндүз саат үч-төрттөрдө Каримов жашаган үйдүн жанында болгон. Кылмышкерлер маркумдун сумкасынан акчасын алып, из жашырышкан. Ал жеке ишкер катары соода менен алектенип келген.Полиция кылмыш ишин козгоп, тергөөчүлөр окуянын чоо-жайын иликтеп жатат. 3-июлга медициналык экспертиза дайындалган. Каримов 2012-жылдан бери Екатеринбургдагы кыргыз диаспорасын башкарып келет. Маркумдун артында жубайы жана үч баласы калды. Ал көп жылдан бери кыргыз мигранттарына көмөк көрсөтүп келген