Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы Жалил Атамбаевге жана анын жакындарына таандык компаниялар 40 миллион сом салыкты жашырганы аныктады кабарлады. Түштүктөгү ири ишкер Жалил Атамбаевдин салыктан буйтаганы тууралуу фактыга байланыштуу териштирүүнүн алгачкы жыйынтыгын 3-июлда жарыялады. Териштирүү иштери «Азаттыктын» иликтөөсүнөн кийин башталган.

Расмий маалыматта айтылгандай, «Териштирүүдө «А.Д.» ишканасы 28 миллион сом, «О.О.» ишканасы 12 миллион сом жашырганы такталды». Жалил Атамбаев жана анын жакындары бул маалыматка карата азырынча позициясын билдире элек.