Аламүдүн районундагы Аламүдүн айыл өкмөтүн узак жылдан бери башкарып келаткан Найзабек Көлбаев, орун басары Алмаз Кариев экөө өзүнүн аймагында чечилбей жаткан көйгөйлөрдү, “оптом” чечип, катуу иштеп жатышыптыр. Бул тууралуу айрым гезиттерге чыккан айыл өкмөттүн маегинен улам билсе болот. Кыскасы, өзү башкарып жаткан аймактагы бир топ көйгөйлөр катары менен “чечилип” келатыптыр. Ылайым эле ошондой болсун дейли. Бирок ал ортодо айыл өкмөттүн мыйзам чегинде  бүтүрбөй жаткан  иштерин айткан адамдар да бизге кайрылып жатышат. Көлбаев элди ойлогон эр азамат болсо, өзү убада берип, колун койгон документи бар маселени эркекче бүтүрүп коёр деген үмүттөбүз. Кантсе да, биз акыры укуктук мамлекетте жашап жатпайбызбы. Кандай болгон учурда да бир да адамдын укугу тебеленбеши керек. Чынында Найзабек мырза,   “жигиттин сөзү өлгөнчө, өзү өлсүн” –деген намыскөйлөрдөн болсо керек. Башка кеп-сөздөрдү кетирбей, байкай туралычы…