3 күн мурун Көкөмерен суусуна үй-бүлөөсү менен кошо түшүп кетип, дайынсыз болуп жаткан Молдоакун Абдылдаевди жана анын үй-бүлөсүн 98 куткаруучу жана туугандары издеп жатканын өкм кабарлады. Ал эми атка минердин кызы Индира элден дагы жардам сурап кайрылды.

Индира Абдылдаева:

«-Бул жакта бүт туугандарым, кесиптештерим жана досторум болуп жүрөбүз. Куткаруучулар издешүүдө, бирок суу чоң экен, алар жетишпей жатат. Сууга түшкөнгө дагы суучулдар керек. Бизди түшүрбөйт экен. Бүгүн үчүнчү күн, жок болууда. Ушинтип эле бир үй-бүлө жок болуп кетеби?.. Менин кызымды да таппай жатабыз. Суунун агымы аябай күчтүү экен. Мен кечинде сүйлөштүм эле. Алар таңга маал саат 4тө жолго чыгышкан экен. Келе жатып унаасы менен сууга түшүп кетишиптир. Дагы бир сааттай жүргөндө Суусамырга жетмек экен. Азыр автоунаасын да таппай жатабыз. Анча-мынча сыныктары чыгууда. Атамдын айдоочусунун туугандарынын телефон номери менде жок экен. Байланыша албай жатам, алар да укса келип издөөгө жардам бермек», » — деп кайрылуу кылган .

Ал эми кырсыктын күбөсү, Кызыл-Ой айылыны тургуну Кубатбек Эмилбеков буларды айткан:

-«Нива» унаасында беш киши Кожомкулдун мааракесине баратканбыз. Бир жолтандабас бизден ашып өткөн. Айдоочусу уктап кеттиби, эмне болду билбейм, 60 метрдей барып тоо жакты сүздү да, кайра артка бурулуп тумшугу менен сууга түшүп кетти. Унаасы суу үстүнө калкып, ичинен кызыл футболкачан бала чыгып асылып бир топко чейин барды. Дагы эки кишинин башы көрүнгөн. Анан эле суу тартып кетип унаа да, адамдар да көрүнбөй калды. Аларды дароо тартып чыгып, куткарып калууга чамабыз жеткен жок. Азыр суу аябай улуу келип жаткан маал… Тойдон кайтып келе жатып унаасы чыгып калдыбы деп карасак көрүнгөн жок. Аларды издеген адамдар да байкалбады. Анан эртеси ӨКМден келип, кырсык кайсы жерде болгонун сурашты. Эки күндөн бери ошол жакка барып көрсөтүп жатам. Унаанын дөңгөлөктөрү, айрым тетиктери гана чыгып жатат

Сууга түшүп кеткен үй-бүлө жана айдоочусу:

  • Молдакун Абдылдаев — өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлчүлүгүнүн аппарат башчысы-59 жашта
  • Тинатин Шадыканова — 57 жашта, жубайы;
  • Илимбек Абдылдаев — 26 жашта, баласы;
  • Бакыт Абдылдаев (баласы эмес, фамилиясы окшош) — 23 жашта, айдоочусу;
  • София Борукеева — 8 жашта, небереси;

Абдылдаевди жана анын үй-бүлөсүн издөө боюнча түзүлгөн штаб ал 28-июнь күнү кечинде апасына эстелик тургузуу үчүн Ат-Башыга барышып, ал эми 30-июнда эртең менен Кожомкулдун 130 жылдык мааракесине келе жатып кырсыкка учурашкан.

Жубайы Тинатин Шадыканова эки жогорку билимдүү. Ал кыргыз тили жана адабияты боюнча жана юрист кесиби боюнча адис. Узак жылдар бою жогорку окуу жайларда мугалим болуп эмгектенген. 2003-жылы жаңы ачылган Заманбап маалыматтык технологиялар жана билим берүү институтунда (ИСИТО) жетектөөчү адис, бөлүм башчы, декан болгон. Учурда окуу иштери боюнча проректор болуп иштеп жаткан